БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин 5-июндагы отурумунун чечимине ылайык, БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязовдун буйругунун негизинде КГПИнин алдында “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясы уюшулду. Аталган гимназияга ректордун буйругу менен Орунбаев Таалайбек Алишерович директорлукка дайындалды.

Жаңы уюшулган гимназиянын директорун кызмат орду менен куттуктайбыз!

Т.А.Орунбаев буга чейин жөнөкөй окутуучулуктан баштап жетекчиликтин бардык баскычтарын басып өткөн, дасыккан жетекчи катары өзүн көрсөтө алган. Мындан ары да гимназиянын ишин алга сүрөп, татыктуу жетектейт деп ишенебиз.

БатМУ КГПИнин алдындагы “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясы жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо куттуу билим уясы болушуна тилектешпиз!