БатМУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов Нижний Новгороддогу Минский университетинин студенттерине “Региондун экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүү жана билим берүү тармагын тиешелүү кадрлар менен камсыз кылуу” аттуу темада лекция окуду.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында эки окуу жайдын өз ара кызматташуусунун алкагында бир топ натыйжалуу маселелер макулдашылды.

Буюрса 2023-2024-окуу жылында Нижегород мамлекеттик педагогикалык университетине БатМУнун студенттерине бакалавриат боюнча 15 бюджеттик орунга, магистратура боюнча 50 бюджеттик орунга квота берилет. Мындан тышкары, Баткен облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана “STEAМ-педагогикага” да бюджеттик орундарга квота алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Россия Федерациясынын 6 профессору 2-10-октябрь күндөрү педагогика, экономика, орус тили жана адабияты, физика профилдери боюнча БатМУнун, институттардын, колледждердин окутуучулар курамына жана мектеп мугалимдерине 72 сааттык окуу өткөрөт.