Баткен мамлекеттик университетинин Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Чынгыз Жантаевди кабыл алды. Жолугушууда инновациялык долбоорлорду каржылоо, стартап конкурстары жана бизнес-инкубаторлордун ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. Андан сырткары БатМУнун окутуучуларына жана илим изилдөөчүлөрүнө товардык белгилерди катоо жана макалаларды патенттөө боюнча окутууларды байма-бай өткөрүп туруу жагы макулдашылды.