2024-жылдын 1-март күнү Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультети тарабынан заманбап Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен областынын 25 жылдыгына арналган “САПАТТУУ БИЛИМ – ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮНҮН РУХАНИЙ АЗЫГЫ”- аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты: Окутуучуларды, магистранттарды, студенттерди илим-изилдөө иштерине тартуу менен алардын илимий көз караштарын өстүрүү кесиптик жөндөмдүүлүгүн арттыруу, окуу жараянындагы илим-изилдөө иштеринин ролун жогорулатуу.

Конференцияны БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, өнүккөн мамлекеттердин тандап алган жолу жаштарга сапаттуу билим берүүдө тургандыгын, бүгүнкү конференция да заманбап өнүгүүгө руханий азык боло турган илимий ачылыштардын булагы боло аларына терең ишенерин билдирип, катышуучуларга ийгилик каалап, конференцияны жогорку деңгээлде уюштурган факультеттин деканы п.и.к. проф.м.а. Айдарова Мисилимкан Довлатовнага ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң, пленардык жыйында:п.и.д., профессор А.Алимбеков, п.и.д., профессор С.К.Рысбаев, п.и.д., профессор Т.М.Сияев, п.и.д., профессор А.Т.Калдыбаева, ф.и.к., доцент З.А.Сиразитдинов, т.и.к., профессор А.А.Кадыровдор баяндама жасады. Конференциянын экинчи бөлүгүндө жети секцияда баяндамалар талкууланып, жыйынтыгында резалюция кабыл алынды.

Мындан сырткары конференциянын катышуучулары БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплексине саякат жасашты. Конференцияга келген коноктор БатМУнун өнүгүү жолундагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.