1-октябрь – карылардын Эл аралык күнү! Бул күнү – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, турмуштун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, улуу муунга таазим кылуу, сый-урмат билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү. Мына ушул себептүү БатМУнун башкы мекемесиндеги Табият таануу жана педагогика факультетинин деканаты бирге иштеген улгайган кесиптештерин майрамы менен куттуктап, алардын окуу жайыбыздын келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошкондугун, азыр болсо, алысты көрө билген акыл-насааттарын айтып, жаштарга жол көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Бар болуңуздар, биздин устаттар!