2024-жылдын 27-майында БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.
   Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын, Кадамжай, Ноокат, Араван райондоруна караштуу мектептердин бүтүрүүчүлөрү келип катышып, сынак тапшырышты. Сынактын жыйынтыгына ылайык, алдыңкы орунду ээлеген окуучуларга уюлдук телефондор жана баалуу белектер тапшырылды.
   Ошону менен катар, окуу жайга саякат уюштурулуп, институттага шарттар, материалдык-техникалык база менен тааныштырылды.