Быйыл жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына Жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги тесттен 110 баллдан,  предметтик тесттен 60 баллдан жогору алгандар,  контракттык окууга негизги тесттен 105 баллдан жогору алгандар тапшыра алышат. Баткен облусундагы абалды эске алуу менен Баткен мамлекеттик университетине босого балл бюджеттик орундарга  — 100, келишимдик негиздеги окуу үчүн — 95 баллга төмөндөтүлдү.   

ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бул  жылы жалпы 44 416 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырып, анын 25 284 жүз он баллдан жогору, 28143 жүз беш баллдан жогору балл алды, жалпы орточо балл 120,5  түздү. Бул жакка тестти  кечигип тапшыргандардын жыйынтыгы киргизилген жок. Ал боюнча жыйынтык  1-июлда белгилүү болот. Кечигип катталгандардын саны 500 адамдан ашат.

АймакТапшыргандардын саныТесттин орточо упайы110 баллдан жогору105 баллдан жогору
Баткен облусу3269117,617201939
Бишкек шаары10304134,775558061
Ош шаары2103127,814021509
Жалал-Абад облусу5954114,429733378
Ысык-Көл облусу4724116,224372764
Нарын облусу3363116,617681994
Ош облусу6284112,329043359
Талас облусу1893121,211391254
Чүй облусу6522115,933863885
Баардыгы республика боюнча:44416120,52528428143

Былтыркыга салыштырмалуу  быйыл  тест тапшыргандардын саны төрт жүз элүү үчкө аз. Бирок орточо балл бир аз жогорураак.

Тест тапшыргандардын саныТесттин орточо баллы110 баллдан жогорулар105 баллдан жогорулар
202043 963120.225 33228 180
202144 416120.525 28428 143

КАБЫЛ АЛУУ ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Быйыл дагы жогорку окуу жайларга кабыл алуу он лайн  жүрөт. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу арыз бериши керек. Бул сайтта республикадагы баардык ЖОЖдор боюнча маалыматтар камтылган, видео көрсөтмөлөр да  жүктөлгөн. Абитуриенттер үчүн дагы, жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн дагы жеке кабинетке кирүүгө логин, сыр сөздөрү алынган.

Окууга тапшыруунун жол-жобосу жана тартиби жөнүндө маалыматтык видеолор www.2020.edu.gov.kg порталында, ошондой эле министрликтин Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жана “Кут Билим” гезитин сайтында жайгаштырылды.

Учурда баардык ЖОЖдор жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, 2021-2022-жылдарга кабыл алуу планын жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп бүттү. Порталга республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 94% катталды.

И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан бери онлайн катталуу боюнча техникалык жардам, кеп-кеңеш берүүчү  1818 кыска номери иштеп баштады. Башкача айтканда,  тапшырып жатканда кандайдыр бир маселе жаралса, ушул номер аркылуу кеп-кеңеш алууга болот. Ага аналогдук телефондон акысыз, бардык уюлдук операторлордон акы төлөп чалууга болот. Андан сырткары бардык суроолорду abiturientonline2021@gmail.com электрондук почтасына да жөнөтсө болот.

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

Сынакка негизги тесттен босого баллдан жогору топтогон талапкерлер катыша алышат. Предметтик тесттерден босого баллдан жогору алгандарга артыкчылык берилет. Медициналык адистиктерге болсо негизги тесттен сырткары  химия, биология предметтери боюнча тесттер милдеттүү болуп саналат.

Гранттык орундар үчүн сынак талапкерлердин социалдык категориялары боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Окуунун контракттык формасы боюнча сынакта категориялар эсепке алынбайт.

Төмөнкү ЖОЖдордун адистиктерине тапшырууда: Кыргыз улуттук академиясы, Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбайт, сынак ЖОЖдордун өздөрүнүн кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт.

Ички иштер министрлигинин академиясынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун, Борбор Азиядагы Америка университетинин, Борбор Азия университетинин адистиктерине жана кошумча сынакты талап кылган адистиктери менен  багыттарына ЖРТдан да, ЖОЖдун ички сынагынан да ийгиликтүү өткөндөр кабыл алынат.

МАКСАТТУУ КАБЫЛ АЛУУ

Максаттуу кабыл алуу үчүн бөлүнгөн орундарга ЖРТдан босого баллдан жогору алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жолдомосу менен келген абитуриенттер ат салышат. Жолдомо берген органдар максаттуу кабыл алуунун негизинде окуган бүтүрүүчүнү ишке орноштурууга милдеттеме алат.

Максаттуу орундар үчүн зарыл болгон документтер

Аймактар ​​боюнчаü Паспортü ЖРТнын сертификатыü Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жолдомосу
Чек ара аймактары боюнчаü Паспортü ЖРТнын сертификатыü Чек ара аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир адистик боюнча окутууга жолдомосу*ü Көрсөтүлгөн аймакта жашоого уруксаттын бар экендигин тастыктаган документ (паспорттун көчүрмөсү же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалым каты).

ТУРЛАР

Кабыл алуу өнөктүгүнүн эрежелери бардык турда бирдей.

12-17июльБиринчи тур
12-14-июльСынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо
14-июль саат 14.00Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо
15-июль саат 09.00 чейинСунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу
15-17-июльАбитуриенттердин ЖОЖдон окуй тургандыгын тастыктоо мөөнөтү
1923июльЭкинчи тур
19-21-июльСынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо
21-июль саат 14.00Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо
22-июль саат 09.00 чейинСунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу
22-24-июльАбитуриенттердин ЖОЖдон окуй тургандыгын тастыктоо мөөнөтү
26-31июльҮчүнчү тур (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)
26-28-июльСынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо
28-июль саат 14.00Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо
29-июль саат 09.00 чейинСунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу
29-31-июльАбитуриенттердин ЖОЖдон окуй тургандыгын тастыктоо мөөнөтү

Эгерде абитуриент гранттык орунга да, келишимдик негиздеги окууга да сунушталган болсо, ал бирөөнү гана тандап, төмөндөгү документтерин тиркеп тастыкташы керек болот:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;
  • ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети;
  • окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (келишимдик негизде кабыл алынган учурда).

Аталган документтердин түп нускасын окуу жылынын башында жогорку окуу жайына алып барып тапшырат.

Күндүзгү келишимдик негизде окууга кабыл алуу турларын өткөрүүнүн мөөнөттөрү гранттык негизде окууга кабыл алуунун мөөнөттөрү менен бирдей. Окутуунун башка түрлөрүнө кабыл алуунун мөөнөттөрү ЖОЖ тарабынан белгиленет.

ГРАНТТЫК ОРУНДАРДЫН БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ

Гранттык орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 50 орун — жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлерди конкурстан тышкары кабыл алуу үчүн;
  • 140 орун – Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Түркия Республикасы, Украина, Беларусь Республикасы менен кызматташуу боюнча учурдагы өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн;
  • 75 орун — чет жакта жашаган этникалык кыргыздар үчүн;
  • 100 орун — I, II топтогу майыптардын, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн;
  • 40 орун — 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында каза болгон адамдардын балдары жана кайрылман статусуна ээ адамдар үчүн.

КАТЕГОРИЯЛАР

Гранттык орундар үчүн абитуриенттер  (конкурстан тышкары кабыл алууга укуктуу талапкерлерден тышкары) төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

— Бишкек шаарынын орто жана орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү;

— облус борборлорундагы (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Каракол, Талас шаарлары) жана чакан шаарлардын (Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Чүй-Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Исфана, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Шопоков, Токтогул, Миңкуш) орто жана орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү;

— бийик тоолуу аймактарда жайгашкан орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;

— максаттуу кабыл алуу үчүн бөлүнгөн орундарга ат салышкандар;

— жеңилдиги барлар (I, II топтогу майыптар, согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында каза болгон адамдардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор, аскер кызматын чукул өтөгөндөр, » Кыргыз Республикасынын спорттун чебери”, «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамына ээ болгондор).

СЫНАКТАН ТЫШКАРЫ КАБЫЛ АЛЫНА ТУРГАН АБИТУРИЕНТТЕР?

Табигый илимдер, гуманитардык жана социалдык-экономикалык, медициналык, айыл-чарба жана техникалык профилдер боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду ээлеген же үстүбүздөгү жылы эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон абитуриенттердин тапшырган адистиги боюнча олимпиаданын предмети дал келсе (гранттык же контракттык окууга кабыл алынганда)
Үстүбүздөгү жылы окуучулардын республикалык олимпиадасында  2-орунду алган абитуриенттер олимпиаданын предмети профилдештирилген адистиктер жана багыттарга дал келсе (гранттык же контракттык окууга тапшырганда)
Үстүбүздөгү жылы окуучулар арасындагы республикалык олимпиадада олимпиаданын предмети профилдештирилген педагогикалык адистиктер боюнча 3-орунду ээлеген талапкерлер жалпы республикалык тестирлөөдө босого баллга барабар же андан жогору балл алгандар (гранттык же контракттык окууга тапшырганда)
Үстүбүздөгү жылдын республикалык «XXI кылымдын интеллектуалдары» сынагында жеңүүчү болгон жана 2-3-орундарды алган жеңүүчүлөр техникалык профилдин адистиктери жана багыттары боюнча тандаган адистигине сынактын номинациясы туура келсе (гранттык окууга кабыл алынганда)
Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (контракттык окууга кабыл алынганда)
Томолой жетим балдар  (контракттык окууга кабыл алынганда)
Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар1.     (контракттык орундарга тапшырып жатканда)

башкалар менен бирдей шартта кабыл алына тургандар

«Кыргыз Республикасынын спорт чебери» спорттук наамы бар абитуриенттер
«Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери» спорттук наамы бар абитуриенттер
Аскер кызматын шашылыш өтөгөн абитуриенттер
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча «Кыргызтест» тутумунун мамлекеттик күбөлүгүнө ээ болгон абитуриенттер

ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ

Колледждерге абитуриенттердин документтерин каттоо жана кабыл алуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ Автоматташтырылган маалымат системасында онлайн жүргүзүлөт.

КООЖго кирүүдө сынакка катышуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркөө менен билдирме бериши керек:

— паспорт же башка инсандыгын ырастоочу документ;

— жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк (11-класс), негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк (9-класс) жана ага тиркеме;

— кабыл алуу үчүн атайын укуктарды же жеңилдиктерди тастыктаган документтер (жетим, майыптыгы бар статусу ж.б.).

Абитуриенттерди тандоо жана каттоо үч тур менен жүргүзүлөт. 1-турга катталуу 12-июлдан башталат. Ар бир турда абитуриент бюджеттик орун үчүн сынакка катышуу үчүн бирден жана келишимдик негизде билим алуу үчүн сынакка катышуу үчүн бирден арыз берүүгө укуктуу. Билим берүүнүн бюджеттик жана келишимдик түрлөрү боюнча абитуриенттерди кабыл алуу үчүн сынак орто билим жөнүндө аттестаттын (11-класс) орточо баллынын же негизги жалпы билим жөнүндө аттестаттын (9-класстын) суммасына жана бир профилдик сабактын коюлган баасына ылайык өткөрүлөт. Кошумча онлайн тестирлөө дагы өткөрүлүшү мүмкүн.

Медициналык адистиктер боюнча сынак абитуриент окуу жай тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү экзамендерин тапшырганда алган баллынын суммасына жана билим берүү документинин орто баллына, негизги сабактын баасына ылайык өткөрүлөт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер үч күндүн ичинде окуй тургандыгын тастыкташы керек.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде абитуриенттерди кабыл алуу   ОНЛАЙН ТАРТИБИНДЕ  жүргүзүлөт.