2021-2022-окуу жылы үчүн Баткен мамлекеттик университетине абитуриенттерди кабыл алуунун тартиби

Жалпы жоболор

1.1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карабастан жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча юридикалык жана (же) жеке жактардын акы төлөп окуу (мындан ары – окутуунун акы төлөө келишими) келишимдеринин негизинде жогорку окуу жайларына (мындан ары – ЖОЖ) кабыл алууну жөнгө салат.

1.2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.3. Баткен мамлекеттик университети (мындан ары БатМУ) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Тартипке каршы келбеген бөлүмүндөгү, жыл сайын кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгат, бекитет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары КР ББИМ) менен макулдашат.

1.4. БатМУнун биринчи курсуна жалпы орто жана орто кесиптик билими бар адамдар кабыл алынат.

1.5. Кийинки курстарга ар кандай баскычтагы жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Тийиштүү адистиктердеги кийинки курстарга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдүү адистиктеринин жана аларга ылайыктуу жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча тизме КР ББИМи тарабынан бекитилет.

1.6. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.

1.7. БатМУга башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же жекече жарандар ортосундагы келишимдердин негизинде ишке ашырылат. БатМУга чет өлкөлүк жарандарды тандоо үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө ортомчулук кызматтарды көрсөтүүчү өнөктөштөр менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы келишимдер БатМУга кабыл алуу жөнүндө жарыя чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылышы керек.

1.8. БатМУга, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) сырттан окутуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутууга тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү саналат.

1.9. БатМУ КР ББИМи менен даярдоо багыттары жана адистиктери тизмесин жана аларды кабыл алуу планы макулдашылгандан кийин кабыл алууну жарыялашат.

  1. БатМУга кабыл алууну уюштуруу

2.1. Студенттерди окутуу акысын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык түрлөрүнө БатМУнун жетекчисинин буйругу менен кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы БатМУнун ректору болуп саналат.

2.2. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензияда белгиленген чектүү контингентинин, ошондой эле БатМУга кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жооптуу болот, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиянын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибинин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.

2.3. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, укуктары жана иш тартиби БатМУнун ректору тарабынан бекитилген ал жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл

2.4..Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну БатМУнун ректору тарабынан дайындалган жооптуу катчы уюштурат. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына талапкер КР ББИМи менен макулдашылат. Бир эле адам удаасы менен эки жылдан ашык жооптуу катчы боло албайт.

2.5. Кирүү сынактарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан сынактык жана апелляциялык комиссиялардын курамы бекитилет. Сынактык жана апелляциялык комиссиялардын ишинин ыйгарым укуктары жана тартиби БатМУнун ректору тарабынан бекитилген алар жөнүндө жобо менен аныкталат. Сынактык комиссиялар ошол БатМУнун эң тажрыйбалуу окутуучуларынан түзүлөт. Бул комиссиялардын курамы жыл сайын 50%дан кем эмес жаңыланып туруш керек.

2.6. Экинчи жана кийинки курстарга кабыл алууда аттестациялык сынактарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жождо аттестациялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссияларды түзүүнүн тартиби, курамы, укуктары жана иш тартиби, ошондой эле аттестациялык сынактарды өткөрүүнүн жол жоболору БатМУнун ректору тарабынан бекитилген тийиштүү жоболор менен аныкталат.

2.7. БатМУга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, билим берүү чөйрөсүндөгү жарандарын укуктарын сактоону, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, тапшыруучулардын жөндөмүн жана шыктарын баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигинин кабыл алуунун бардык этаптарында жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

2.8. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТга катышуусу жөнүндө маалыматтардын ырастыгына көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү, ошондой эле абитуриент тарабынан берилген билими тууралуу башка документтердин текшерүүгө укуктуу.

III. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу

3.1. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси, БатМУнун уставы, анын билим берүү ишине лицензиялары жана мамлекеттик жана башка аттестациянын (аккредитациянын) сертификаттары, БатМУга кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кабыл алууга байланыштуу кирүү сынактарынын программалары жана башка зарыл маалымат менен таанышууга укуктуу. Окутуунун акы төлөө келишими боюнча кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти, анын мыйзамдуу өкүлдөрүн, ата-энесин тараптардын милдеттемелери жана укуктары, окутуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби, акы төлөөдө жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга милдеттүү.

3.2. БатМУ жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну бул билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар учурда гана жарыялайт.

3.3. Абитуриентти жана (же) анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу максатында жож 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтында жана/же БатМУда маалымат такталарында 1-майдан кечиктирбей жайгаштырышы керек.

3.4. Документтерди кабыл алууну баштаганга чейин БатМУнун кабыл алуу комиссиясы төмөндөгүлөрдү жарыялайт:

БатМУга кабыл алуунун ар бир жылдык эрежелери;

БатМУнун билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясына ылайык кабыл алууну жарыялаган даярдык багыттары жана адистиктеринин тизмеси;

даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча жалпы билим берүү предметтери боюнча кирүү сынактарынын тизмеси;

жогорку кесиптик билими бар адамдар үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана өткөрүү формалары;

магистратура жана аттестациялык сынактар – экинчи жана кийинки курстардын программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана формалары;

даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча биринчи курстарга кабыл алуу үчүн орундардын жалпы саны;

кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча апелляциялар берүү жана кароо эрежелери;

башка жерлик тапшыруучулар үчүн жатакана(лар) жана жатаканалардагы орундардын саны тууралу маалымат;

акы төлөө келишими боюнча окутуу орундарына тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсү;

магистратура жана аттестациялык сынактар – экинчи жана кийинки курстардын программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сынактарын өтүү мөөнөтү;

окутуу үчүн акы төлөө мөөнөтү.

3.5. Документтерди кабыл алуу учурунда БатМУнун кабыл алуу комиссиясы ар бир күнү берилген арыздар жана конкурстар тууралуу абитуриенттерге маалымат берип турат, абитуриенттердин бардык суроолоруна жооп берүү үчүн атайын телефондордун иштешин уюштурат.

Берилген арыздар, конкурстардын саны тууралуу маалымат даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча берилип, БатМУнун расмий сайтында жана/же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасында жайгаштырылышы керек.

  1. Документтерди кабыл алуу

4.1. Акы төлөө келишим боюнча окутуу орундарына документтерди кабыл алуу 20-июндан башталат..

4.2. БатМУга кабыл алуу жарандардын жеке арыздары боюнча жүргүзүлөт.

4.3. Абитуриент конкурска катышуу тууралуу арызын бир эле убакта бир нече БатМУга гранттык да, окутуунун акы төлөө келишими орундарына, даярдоонун (адистиктердин) бир нече багыттарына, ошондой эле билим алуунун ар кандай формаларына (күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу экстернат) берүүгө укуктуу.

БатМУга кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документти көрсөтөт. Арызга жалпы орто же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ жана тиешелүү сандагы сүрөттөр тиркелет. Кошумча документтер (ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, медициналык-социалдык маалымкат, спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер ж.б.) абитуриент тарабынан, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге талапкер болсо, көрсөтүлүшү мүмкүн.

4.4. БатМУга кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент өз каалоосу менен анын инсандыгын, жарандыгын тастыктаган документтердин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документинин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана тиешелүү сандагы сүрөттөрүн берет.

4.5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин алар берилген БатМУнун түп нускасы боюнча көчүрмөлөөгө жол берилет.

4.6. Чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, кесиптик орто же жогорку билими тууралуу мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин көрсөтүшү керек. Чет өлкөлүк жарандын документинин экспертизасы КР ББИМи тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар КР ББИМ тарабынан берилген, билиминин мазмун деңгээлинин ылайыктуулугу жөнүндө маалымкатты көрсөтпөсө, кабыл алынбайт.

4.7. Абитуриенттерди гранттык (бюджеттик) орундарга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүү тартиби өзүнчө жобо менен белгиленет.

4.8. Ар бир тапшыруучуга жекече иш көктөмү ачылып, анда бардык тапшырылган документтер жана тапшырылган кирүү сынактарынын, аттестациялык сынактарынын материалдары (аны менен катар жогорку окуу жайынын апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.

Тапшыруучулардын жекече иш көктөмү жогорку окуу жайда документтерди кабыл алгандан тартып, алты ай аралыгында сакталат.

4.9. Документтерди тапшырууда абитуриентке документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берилет.

4.10. Кабыл алуу комиссиясына билип туруп жасалма документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

  1. Жалпы республикалык тестирлөө жана кирүү сынактары

5.1. Акы төлөө келишим боюнча окутуунун бардык формаларына талапкер абитуриенттерди конкурска кабыл алуу ЖРТнын ушул жылдагы жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Абитуриент чектүү баллдан жогору балл алса, кабыл алуу комиссиясы конкурска катышуу үчүн сертификаттарды кабыл алуудан баш тартууга укуксуз.

5.2. Акы төлөө келишим боюнча окутуу орундарына конкурс өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби ЖРТнын жыйынтыктары менен гана абитуриенттерди гранттык окууга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүүгө окшош. Ар бир турда абитуриент өзү каалаган факультетинин мөөрү басылган кутусуна сертификаттын айрыма талонун салуу жолу менен бир ЖОЖду (жогорку окуу жайды) тандоого укуктуу. Айрыма талонду берүүдө милдеттүү түрдө сертификаттын түп нускасы көрсөтүлөт. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер абитуриенттер үчүн белгиленген, абитуриенттердин категорияларын эске албастан өткөрүлөт, эң жогорку балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.

Сынак өткөрүү жана күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окутуу формаларына, анын ичинде: окутуунун аралыктык технологияларын колдонуу менен эсепке киргизүү мөөнөттөрү жож тарабынан өз алдынча белгиленет. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган  адистиктерге жана багыттарга окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга сынакка бул тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча чектиктен жогору же ага барабар баллы бар абитуриенттерге уруксат берилет. Бул адистиктерге эсепке киргизүүдө предметтик тесттердин жыйынтыктары бар абитуриенттер артыкчылыктуу укуктан пайдаланышат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыктары боюнча абитуриенттер сунушталат.

5.3. БатМУ кирүү сынактарын төмөндөгү учурда гана өткөрөт:

– ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн.

– абитуриенттер – чет өлкө жарандары үчүн.

5.4. Кирүү сынактары ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо турларын өткөрүү убагы менен бирге өткөрүлүшү мүмкүн.

5.5. БатМУнун, анын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактарынын сабактардын тизмеси, адистик боюнча (даярдык багыты) профилдик предмет белгиленет.

5.6. Кирүү сынактары (искусство жана дене тарбия адистиктери боюнча сынактарынан башка) жалпы орто билим берүү программалары туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.

5.7. Жождордо, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөтү – 10-июлдан 20-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.

5.8. Кирүү жана аттестациялык сынактардын расписаниеси (предмет, датасы, убактысы, сынактык топ жана сынак өтүүчү жай, консультациялар, жыйынтыктарды жарыялоо датасы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилип, 20-июндан кеч эмес убакта абитуриенттерге маалымдалат. Кирүү сынактарынын жана аттестациялык сынактардын расписаниесинде сынактык комиссиялардын төрагасынын жана сынак кабыл алуучулардын аты-жөнү көрсөтүлбөйт.

5.9. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерди алып кеткендер конкурстан чыгарылат.

5.10. Жүйөлүү себептер менен (документ менен тастыкталган ооруп калуу же башка кырдаалдар) кирүү сынактарына кирбей калгандар кирүү сынактарынын кийинки этаптарында параллель топтор менен же алар аяктагандан кийин жекече киргизилет.

5.11. Экинчи жана андан кийинки курстарга кабыл алууда конкурс БатМУ өз тарабынан өткөрүлүүчү аттестациялык сыноолордун негизинде жүргүзүлөт. Мында жогорку билим берүү программаларын өздөштүрүү мөөнөтү тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартында каралган сабактар боюнча академиялык айырмачылыктар менен аныкталат. Академиялык айырма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөн тартипте аныкталат.

  1.  Кирүү сынактарын өткөрүүнүн жалпы эрежелери

6.1. Кирүү сынактары, тестирлөө (бланктык), аңгемелешүү түрүндө өтөт.

6.2. БатМУ кирүү сынактарын өткөрүү үчүн КР ББИМ алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун тесттик тапшырмаларын, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдалана алат. БатМУнун предметтик комиссиялары тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмалар, оозеки сынактар үчүн билеттер, жазуу сынактары үчүн тапшырмалар жалпы орто билим берүү программасына туура келүүгө тийиш.

6.3. Тесттик тапшырмалардын, оозеки сынактар үчүн билеттер жана жазуу сынактары үчүн тапшырмалардын пакеттери жана анын ачкычтары (жооптору) кабыл алуу комиссиясынын төрагасында чапталган конверттерде сакталышы керек, алар тестирлөөнүн (сынактын) алдында гана ачылат.

6.4. Тестирлөөнүн же жазуу сынагынын узактыгы БатМУ тарабынан белгиленет.

6.5. Абитуриенттерди кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ аркылуу киргизилет.

6.6. Кирүү сынактарынын башталышынын алдында сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сынакты жүргүзүү эрежелери тууралуу нускамалар өткөрүлөт.

6.7. Кирүү сынактарынын учурунда абитуриенттерге төмөндөгүлөр тыюу салынат:

– китептерди, дептерлерди, жазууларды, мобилдик телефондору, электрондук жазуу китептерин жана информация сактоонун башка каражаттарын алып келип пайдаланууга;

– сүйлөшүүгө же сынакчылардын уруксатысыз орун алмаштырууга;

– сынактык билеттерди, жооптордун бланктарын жана жазууларды алмаштырууга.

Кирүү сынактарын өткөрүүнүн тартиби тууралуу талаптарын бир канча жолу бузган учурда абитуриент дисквалификацияланып, кийинки сынакка киргизилбейт. Дисквалификация тиешелүү акты менен толтурулуп, сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.

6.8. Абитуриент тарабынан аткарылган тесттик тапшырманын тапшырылышында комиссиянын мүчөлөрү жооп бланкындагы номер менен тесттик тапшырманын номерин, жооп бланкындагы оңдоолордун, белгилердин жоктугун, бланктардын шариктик же гель калеми менен толтурулушун текшеришет.

6.9. Кирүү сынактарында бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.

6.10. Сынактын аякташы менен тесттер, жооп бланктары жана сынактык баракчалар кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырылат.

6.11. Жооптуу катчы кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте жазуу иштерин же жооп бланктарын өздөрүн белгилөөсү боюнча шифрлеп, сынактык баракчага жана жооп бланкына шарттуу шифр коюшат.

6.12. Сынактык баракчалар жооптуу катчыда калат жана чапталган сейфте сакталат, ал эми жооптордун бланктары текшерүү үчүн сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүлүп берилет, мында аларды текшерүүгө БатМУда гана уруксат берилет. Ошол кирүү сынагына тиешеси жоктор текшерүүгө киргизилбейт.

6.13. Сынактык иштерди текшерүү ошол эле күнү, шифрлөө аяктоо менен дароо башталат.

6.14. Сынактык иштерди текшерүүдө төмөндөгү эрежелер сакталууга тийиш:

– карандаш менен боелгон жооптор эсептелбейт;

– абитуриент тарабынан жооптун эки варианты белгиленсе, ошол суроого жооп эсептелбейт;

– жооптор бланкында коюлган балл менен катар, сөзсүз түрдө, текшерүүчүнүн колу жана фамилиясы коюлат;

– жооп бланктарында ишке тиешеси жок кол коюлуп калса же башка жазуулар болсо, тесттик тапшырмалар эки сынакчы тарабынан текшерилет.

6.15.Абитуриентке конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берген минималдуу өтмө балл күн мурунтан БатМУ тарабынан белгиленип, максималдуу мүмкүн болгон баллдын санынын 40%дан кем болбошу керек.

6.16. Акы төлөө келишими боюнча орундарга киргизүүгө сунушталган абитуриенттердин тизмеси сынак өткөн кийинки күнү саат эртең мененки 10дон кеч эмес убакта илиниши керек.

6.17. БатМУга кабыл алынгандардын жазуу иштери алардын жекече иш көктөмүнө тиркелет. Кабыл алынбаган абитуриенттердин жазуу иштери алты ай аралыгында сакталып, андан соң жок кылынат.

                             VII. Апелляцияларды берүү жана кароонун жалпы эрежелери

7.1. Кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча абитуриент апелляциялык комиссияга, анын ою боюнча, сынакты өткөрүүнүн белгиленген тартиптеги эрежелердин бузулушу жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги (мындан ары – апелляция) тууралуу жазуу жүзүндө апелляциялык арыз берүүгө укуктуу.

Жазуу сынагын жүргүзгөн учурда абитуриент жож тарабынан белгиленген тартипте өз иши менен таанышып чыга алат.

7.2. Апелляцияны кароо сынакты кайра тапшыруу болуп саналбайт. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун жыйынтык баасынын тууралыгы гана текшерилет.

7.3. Апелляция жеке абитуриент тарабынан сынак боюнча бааны жарыялагандан кийинки күнү берилет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну иш күн аралыгында камсыздайт.

7.4. Даттанууну кароо учурунда абитуриент катышууга укуктуу. Өзү менен кошо абитуриент инсандыгын тастыктоочу документин жана сынактык баракчаны алып келүүгө тийиш.

7.5. Жашы толо элек 18 жашка чейинки абитуриенттер менен чогуу ата-энесинин бири же мыйзамга ылайык жашы жеткенге чейин толук аракетке жөндөмдүү деп табылган жашы жетпегендерден башка мыйзамдуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.

7.6. Аппеляция каралгандан кийин сынак боюнча аппеляциялык комиссиянын чечими чыгарылат.

7.7. Аппеляциялык комиссияда карама-каршы пикирлер жаралган учурда добушка берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Аппеляция комиссиясынын чечими жөнүндөгү протокол абитуриентке жазуу жүзүндө берилет (кол койдуруу менен).

VIII. Кабыл алуу

8.1. Абитуриенттерди БатМУга билим берүүнүн бардык формаларына кабыл алуу алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан абитуриенттин билими жөнүндөгү документти же анын көчүрмөсү болсо жүргүзүлөт.

Магистратуранын сырттан окуу бөлүмүнө жана тиешелүү профилдеги орто кесиптик билим берүүнүн базасында тездетилген программага кабыл алууда гранттык жана бюджеттик негизде окуган адистиктердин жана даярдоонун педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрү берген окуу жай тарабынан күбөлөндүрүлгөн базалык жогорку кесиптик билими (бакалавр) жөнүндө дипломдун же орто кесиптик билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн, гранттык же бюджеттик негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүү жөнүндө окуу жайдын маалымкатын тапшырат.

8.2. Абитуриенттерди ЖРТнын натыйжасы боюнча студенттик катарга кабыл алуу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болсо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен БатМУга окууга өз каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары эсепке киргизүүгө чейин Көз карандысыз тест кызматы тарабынан ырасталууга тийиш.

8.3. Абитуриенттерди БатМУнун күндүзгү бөлүмүнүн студенттеринин катарына кабыл алуу алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде 25-августка чейин, башка формалар боюнча 31-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди эсепке киргизүү мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.

8.4. Оңдуу баага ылайык балл алган төмөнкү абитуриенттер окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде конкурстан сырткары кабыл алынат:

– запаска бошотулган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген жеңилдиктер алууга укуктуу аскер кызматындагылар;

– тоголок жетим жана кароосуз калган балдар (ошол жылдын 1-октябрына чейин 18 жашка чыга электер);

– дарыгер-эмгектик эксперттик комиссиянын чечими менен аныкталган кесип жана багыт боюнча адистик алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

– эл аралык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3-орунду алгандар), эгерде тандалып алынган кесип же багыт боюнча олимпиадалык предмет негизги болсо.

8.5. Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттын жана Азиялык оюндардын чемпиондору жана призерлору БатМУга дене тарбия жана спорт тармагындагы даярдык багыттары (бакалавр, магистратура) жана адистиктер боюнча кирүү сынактарсыз (сынактарсыз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

8.6. БатМУга чейин даярдоо бөлүмүнүн угуучулары БатМУга жалпы негизде кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамдары бар спортсмендер жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.

8.7. Кирүү сынактарына негизсиз себептер менен катышпагандар же канааттандыраарлык баа ала албай калган катышуучулар конкурска катыша алышпайт жана БатМУга кабыл алынбайт.

8.8. Гранттык орундарга жана окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде окуу бөлүмдөрүнө конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы тууралуу буйрук баллдарын көрсөтүү менен БатМУнун сайтына же БатМУнун маалымат тактайына жарыяланат.

8.9. КР ББИМи тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө абитуриентти конкурстук негизде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты берген учурда студент бекитилген тартипте окуудан четтетилет.

  1. Маалымат берүү жана контролдоо

9.1. БатМУ КР ББИМине кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты төмөнкү мөөнөттө берүүсү зарыл:

– бюджеттик каражаттын эсебинен окууга алуу – 15-сентябрга чейин;

– акы төлөп окуу үчүн – 15-октябрга чейин.

9.2. БатМУга кабыл алуу комиссиясынын ишине КР ББИМи көзөмөлдөйт.

Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тестирлөө жөнүндө ЖОБО сун төмөнкү ссылкадан жүктөп алсаныз болот.

https://cloud.mail.ru/public/2Ns2/Vpqf8qwLY