Китепкана – ар бир адам үчүн ыйык жер, илим-билимдин, акылмандыктын булагы. Ал окуу-тарбиялык, илим-изилдөө процессин маалымат менен камсыз кылуучу, ошондой эле билимди, интеллектуалдык карым-катнашты жайылтуучу коомдун бирден-бир алдыңкы катардагы универсалдуу каражаты болуп саналат.

Чыгарманы кайра кайрылып окуу, адамдын руханий дүйнөсүн көтөрө турган касиетин окуганыңа караганда, бир китепти эки сыйра окуп чыкканың терең жана маанилүү”,-деген. Китепкананын тарыхы, көргөзгөн кызматы, элге, илимге, билимге, маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгилүү.

Баткен мамлекеттик университетинин китепканасы студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маалыматтык муктаждыктарын камсыздоого негизделген. Китепканада китептердин картотекасынын жардамы менен окурман өзүнө керектүү материалдарды таап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

2000-жылдын 5-августунда Баткен мамлекеттик университетинин башкы имаратында китепкана ачылган.

Китепкананын китеп фондун толуктоо үчүн жогорку окуу жайларына ректорат тарабынан кайрылуу кат жөнөтүлүп, анын негизинде БГУ, КГНУ, КТУ, ОшТУ, ОшМУ окуу жайларынан белекке китептер келип китеп фондубуз толукталган. Андан башка чет элдик уюмдар болгон «Сорос-Кыргызстан», «Евразия» фонду менен байланышып долбоорлордун негизинде грант аркылуу 100 миң сомдук китеп, 1 компьютер, принтери менен утуп алганбыз.

Жылына жаңы чыгарылган окуу, окуу-усулдук китептердин Сильва билим борбору ж.б. борборлор аркылуу сатып алып турабыз.

Китепкананын абонементи, окуу залы бар. Окуу залы 50 орундуктан турат.

Басма соз басылыштары болгон газета, журналдардын 22 түрү бар. Окурмандар ар түрдүү жаңылыктарды, маалыматтарды алып турушат.

Мезгилдин талабына ылайык китепканага электрондук китепкана уюшулган.

Келечекте бул китепкана илимдин очогу болуп калмакчы.

Мындан тышкары илимий китепканада студенттердин китеп дүйнөсүнө, адабиятка, маданиятка болгон кызыгуусун ойготуу, арттыруу максатында ар түрдүү маданий иш-чаралар, тематикалык китеп көргөзмөлөрү, окурмандардын конференциялары,  кечелер өтүлүп турат. Китепканада иш-чара өткөрүүдө китепкана кызматкерлери менен кафедра окутуучулары тыгыз байланышта иш алып барат.

Кыскартып айтканда, Баткен мамлекеттик университетинин борборлоштурулган китепканасы билим берүү, тарбия процесстеринде, келечектин жогорку билимдүү адистерин даярдоодогу кошкон салымы чоң десек жаңылышпайбыз.

Баткен мамлекеттик университетинин борборлоштурулган китепканасынын тарыхында китепкананы түптөөгө зор салым кошкон А.Султанова отуз жети жылдан ашык өмүрүн китепкана кызматына арнап, китепканалык фондду 26612 миң нускадагы окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолор, илимий багыттагы монографиялар, диссертациялар, сөздүктөр, энциклопедиялар жана башка багыттагы китептер менен толуктаган. 2017-жылдын апрель айынан университеттин борборлоштурулган китепканасынын башчысы болуп Бостонова Айниса Полотхановна иштеп жатат.

Баткен мамлекеттик университетинин китепканасы

Султанова Асем Сансызбаевна

Китепкана башчысы

Бостонова Айниса Полотхановна

Кызматтык милдеттер

  • китепкана ишин уюштурат, түшкөн адабияттарды топтойт, иреттейт жана китепкана фондусун сактайт, жаңы китептер менен камсыз кылат;
  • адабияттардын каталогдорун, картотекаларын, көрсөткүчтөрүн тематикалык тизмелерин жана обзорун түзөт;
  • массалык иш-чаралар болгон конференция, адабий кечелер, суроо-жооп кечелерди диспуттарды өткөрүүгө катышат;
  • китепкана ишин эсепке алат жана белгиленген отчетторду тапшырат;
  • – акт жана бир жолку документтер боюнча китеп фондуларын тийиштүү сактоого кабыл алат жана эсеп жүргүзөт, китеп фондуларын инвентаризациялоого, белгиленген эрежелер жана нормалар боюнча эскирген жана жарабай калган адабияттарды эсептен чыгарууга катышат;
  • студенттердин үзгүлтүксүз билим алуусуна жакындан жардам көрсөтөт;
  • аспиранттардын, окутуучулардын, окумуштуулардын жана кызматкерлердин китепканадан эркин пайдалануусун камсыз кылат;
  • өзгөчө жаңы маалымат-технологиялык каражаттарын колдонуу жана ошондой эле интернет аркылуу дүйнөлүк маалымат мейкиндигине эркин кирүүсүнө шарт түзөт;
  • башка жогорку окуу жайлардын китепканалары менен байланыш түзөт жана кызматташат;
  • китепкана алмашуусун уюштурат;
  • китепканага мезгилдүү басылмалардын жазылышына, алардын жеткирилишине көзөмөл жүргүзөт;
  • электрондук китепкананын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт;
  • адабий мурастарды сактайт;
  • алдыңкы тажрыйбаларды жайылтат;
  • эмгекти коргоо,коопсуздук техникасынын жана өрткө каршы коргонуу эрежелерин сактайт;
  • китепкана имараттарынын жана фондуларынын санитардык абалына көзөмөл жүргүзөт.

Китепканачы

Эргешова Нургуль Кошоновна

Аткарган кызматы

  • комплектөө бөлүмүнөн келген китептерди тизме аркылуу учетко алат
  • китепке жазылган карточкаларды систематикалык, альфавиттик, предметтик каталогко салат;
  • ББК боюнча ар бир адистикке тийиштүү китептерди текчелерге коёт;
  • сурап-билүү маалымдоо фондун уюштурат;
  • студенттердин окуу залынан пайдаланышына шарт түзөт;

–          окуу залына керектүү болгон газета-журналдарга жазылат;

  • окурмандарга окуу залына кириш үчүн окурмандык билеттер берилет;
  • окуу залында жок болгон китептерди, китепти сактоо бөлүмүнөн таап берет;
  • китептер бир күнгө үйгө паспорт аркылуу берилет;
  • окуу залынын эрежелеринин бузулбашына көзөмөл жүргүзөт;
  • газета-журналдардын картотекасын уюштурат, учётко алат .

Максаты

  • университеттин окутуучу-профессорлорунун, күндүзгү бөлүмдүн студенттеринин, аралыктан окуган студенттердин, аспиранттардын, дегеле китеп пайдалануучулардын суроо-талаптарын канааттандыруу менен маданияттуу тейлөө.
  • университеттик илимдин мыкты салттарын сактоо аркылуу дүйнөлүк алдыңкы жогорку окуу жайлардын китепканалары менен тыгыз кызматташып, билимдин сапатын жакшыртууга, татыктуу адистерди даярдоого, патриоттуулукка гуманизмге, жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар арасындагы достукка жаштарды тарбиялоого көмөктөшүү;
  • университеттеги, Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы билимдин, илимдин, маалыматтын жана маданияттын ордосу болууга жетишүү.

Милдеттери

  • студенттердин үзгүлтүксүз билим алуусуна жакындан көмөк көрсөтөт;
  • аспиранттар, окутуучулар, окумуштуулар жана кызматкерлердин китепканадан

эркин пайдалануусун камсыз кылат;

  • өзгөчө жаңы маалымат-технологиялык каражаттарын колдонуу жана ошондой эле,

интернет аркылуу дүйнөлүк маалымат мейкиндигине эркин кирүүсүнө өбөлгө түзөт;

  • фонддогу сейрек кездешчү китептерди жана кол жазмаларды цифралаштырат;
  • башка жогорку окуу жайлардын китепканалары менен байланыш түзөт;
  • электрондук китепкананы өнүктүрүү;
  • адабий мурастарды сактоо;
  • алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу
  • кесиптик билим берүү үчүн тиешелүү окуу китептери менен камсыздоо;
  • мезгилдүү басылмалар менен камсыздоонун жаңы ыкмаларын жолго коюу;
  • эл аралык уюмдар менен каржылык кызматташуу.