БатМУдагы Америка борбору

БатМУдагы Америка борбору 2003-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу менен ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин Англис тили курстары, тренингдер, АКШ элчиси менен жолугушуулар, БатМУнун студенттери менен семинарлар жана ар кандай программалар өткөрүлүп келет. Студенттерге акысыз интернет берилип, бурч өзүнүн китепканасы менен жабдылган.

БатМУдагы Түрк тили борбору

Батмудагы Түрк тили борбору Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу кызматташтык жана координация боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен 2022-жылдын августунда ачылып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Түрк тили курстары жана ар кандай семинарлар өткөрүлөт.

БатМУнун орус маданият борбору

Баткен мамлекеттик университетинде “Минин университетинин орус маданият борборунун” мейкиндигин уюштуруу боюнча эскиздик долбоор. Долбоор Козьма Минин атындагы Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин колдоосу менен 2023-жылга пландаштырылган. БатМУнун студенттери жана Баткен шаарынын мектеп окуучулары үчүн орус тили курстарын өткөрүү пландаштырылууда.