Факультеттин тарыхы

Факультет 1996-жылы өз алдынча структура катары жаңы адистиктер ачылгандыгына байланыштуу директордун №01-01/1 06.08.96 буйругунун негизинде «Инженердик технологиялар» факультети түзүлгөн. Факультеттин декандыгына техника илимдеринин кандидаты Садыков Эркин Садыкович дайындалган. Факультетте «Электр менен камсыздоо», «Жол кыймылын уюштуруу», «Жаратылышты коргоо», «Телекоммуникация», «Тигуу буюмдарын конструкциялоонун технологиясы», «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы» адистиктери   боюнча кадрларды даярдалып келген.

Ал эми 2009-жылдын ноябрь айында КЭУТИ БатМУнун  структуралык түзүмдөрүнүн өзгөрүлүүсүнө ылайык, түзүлгөн комиссиянын чечими менен жана директордун №01-01/122 16.11.09 буйругунун негизинде «Инженердик-технологиялар, туризм жана педагогика» (ИТТжП) факультети болуп өзгөртүлгөн.

О. э. директордун 01-01/97.  01.09.2012. буйругунун негизинде факультет «Инженердик-технологиялар жана педагогика» (ИТжП) факультети болуп өзгөртүлгөн.

2016- жылы сентябрь айында «Экономика, Башкаруу жана Укук» факультети менен бириктирилип «Экономика жана инженердик технология» факультети болуп аталды.

Азыркы күндө факультетти экономика илимдеринин кандидаты, доцент Базиева Алия Мансуровна жетектеп келет. Ал эми декандын орун басары Жороева Алтынай Гожорбаевна жана окуу иштери боюнча инспектору Нишанбаева Мубаракхан Жуманазаровна иштейт.