Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 13-майындагы № 399 лицензиясынын жана БатМУ СГЭИнин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин, институттун директорунун 2008-жылдын 3-октябрындагы №131 буйругунун негизинде Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун  курамында Кесиптик орто билим борбору ачылып, анын жетекчилигине Шадиев Мустапакул Ибрагимович, усулчусу Полотова Айша Полотовна дайындалган.

БатМУ СГЭИнин Окумуштуулар Кеңешинин 2014-жылдын 1-мартындагы №4 токтомунун негизинде Кесиптик орто билим берүү борбору Орто кесиптик билим берүү бөлүмү болуп өзгөртүлгөн. Алгач «Компьютер түйүндөрүн жана эсептөө техникасын техникалык тейлөө» жана «Автоунааларды техникалык тейлөө жана түзөтүү» деген 2 адистик боюнча гана кесип ээлери даярдалган болсо, учурда Орто кесиптик билим берүү бөлүмү төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

  • «Автоунааларды техникалык тейлөө жана түзөтүү»
  • «Унаада жүк ташууну уюштуруу жана түзөтүү»
  • «Компьютердик түйүндөрдү жана эсептөө техникасын техникалык тейлөө»
  • «Экономика жана бухгалтердик эсеп»
  • «Укук таануу»
  • «Салык жана салык салуу»
  • «Жер астындагы баалуу байлыктардын кендерин иштетүү»
  • «Электрдик станциялар,тармактар жана системалар»
  • «Башталгыч класстарда окутуу»
  • «Мектепке чейинки билим берүү»

Окуу мѳѳнѳтү: 9-класстын көлөмүндө 2 жыл 10 ай,

11-класстын көлөмүндө 1 жыл 10 ай,

Сырткы бөлүм 2 жыл 10 ай .

Бүгүнкү күндө Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн күндүзгү бөлүмүндө – 161, сырткы бөлүмүндө – 146, баары болуп 307 студент билим алышууда.

Бөлүмдү жетектөөдө, негизинен, бөлүм башчысы, окуу бөлүмүнүн адиси, кафедра башчысы жана усулчу эмгектенишет.