Жорж Вашингтон университетинин Борбордук Азия боюнча долбоору казак жана кыргыз тилдериндеги илимий макалаларды “Борбор Азия Жылнаамасы” журналына жарыялоого даяр. Көрсөтүлгөн макалалар редакциялык коллегия жана көз карандысыз адистер тарабынан каралат. Макалалар тарых (XIX-XX кылымдар), саясат таануу, социология, антропология жана экономика сыяктуу социалдык жана гуманитардык жааттардагы эмпирикалык жана теоретикалык изилдөөлөрдү камтышы керек. Басып чыгарууга тандалып алынган макалалар долбоордун веб-сайтында 2021-жылдын аягында жалпыга жеткиликтүү жарыяланат. Журналдын максаты – казак жана кыргыз тилдүү илимпоздордун илимий иштерин кеңири коомчулукка таанытуу жана ар кандай илимий уюмдар менен баарлашууларын камсыздоо.Макала көлөмү 6000-9000 сөздөн туруп, Гарвард университетинде кабыл алынган шилтеме берүү усулуна ылайык даярдалууга тийиш. Макалаңызды бул электрондук дарекке жөнөтүңүз: infocap@gwu.eduТапшыруунун акыркы күнү: 31-март, 2021 жыл.