Баткен Мамлекеттик университетинин жетекчиси (ректору) кызматына талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2021-жылдын 5-январынан тарта 14-январь саат 17:00 гө чейин жүргүзүлөт.

Баткен Мамлекеттик университетинин жетекчисинин кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:

  • ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
  • Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкердин өзүнүн арызы(өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
  • талапкердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтары;
  • “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерге коюлуучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.

Арыздар(ага тиркелген документтер) төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен ш., И.Жусупов көчөсү, 21, Кадрлар бөлүмү.

Байланыш үчүн телефондор: (0779)816135; (0772)822471.