Кыргыз Эл жазуучусу, саясий жана коомдук ишмер Казат Акматовдун 80 жылдыгын белгилөө быйылкы жылдагы белгилүү инсандардын юбилейин белгилөө боюнча тизмеге кирген. Ага ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Улуттук Жазуучулар Союзу, К.Акматов атындагы фондунун уюштуруусу менен “Ыйык журт” повестинин негизинде илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Ага Баткен мамлекеттик университетинин Гуманитардык-экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты, тактап айтканда Мурзалиева Аймактым Шоруковна, Сатыбалдыева Алтынай Батыровна, Көкчөева Сапаргүл Акматалиевна катышып, илимий макалаларды окуду.
Иш чара Баткен облустук музыкалык-драма театрында уюштурулуп, ага окумуштуулар, мугалимдер жана маданият өкүлдөрү катышты.