БатМУнун ректору, профессор А.Гыязовдун буйругуна жана Факультеттеринин декандарын шайлоо тартибине, ошондой эле Шайлоо жыйынтыгына ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан тарта Нажимидинова Асылкан Окуу маалымат департаментинин практика жана карьера жетектөөчү адиси кызматынан бошотулуп, Табият таануу жана педагогика факультетинин деканы кызматына конкурстук шайлоого чейин убактылуу дайындалды.

Ушундай эле дайындоонун негизинде Мурзалиева Аймактым Шоруковна Гуманитардык-экономикалык факультетинин деканы кызматына 3 жылдык мөөнөт менен дайындалды.

Кызматыңыздар кут болсун.
Ишиңиздерди ийгилик жылоолосун.