ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫЛАНУУ МЕНЕН

БатМУнун башкы мекемесинде жана региондордогу филиалдарында жаңы окуу жылына жаңы даярдыктар жүрүп жатат. Буюрса сентябрь айынан тарта студенттер заманбап окуу бөлүмдөрүндө, ыңгайлуу жана зарыл муктаждыктар каралган аудиторияларда билим алышат. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоодо БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов иш ыргагын көзөмөлгө алып, бүгүн Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

БатМУда жаңылануу, оңдоп түзөө кызуу жүрүүдө. БатМУнун студенттери үчүн заман талабына ылайык ыңгайлуу шарттар түзүлдү, университеттин баардык окуу түзүмдүк структураларында мындай оңдоп түзөө иштери уланып жатат. БатМУнун ректору профессор., Айдарбек Токторович Гыязовдун баштаган иштеринин алгачкылары өз жемишин бере баштады.