БатМУнун окутуучусу, Табият таануу жана педагогика факультетинин деканы Нажимидинова Асылкан Элчиевна кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз Билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин кандидаты жана психология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д.13.20.623 диссертациялык кеңеши Нажимидинова Асылкан Элчиевнанын “ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар фольклору аркылуу студенттердин этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери” деген темадагы 13.00.02-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевичке да ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу Асылкан Элчиевна!

Окумуштуулук даражаңыз кут болсун.
Илимий ишиңизде дагы да ийгиликтерди каалайбыз.