БатМУнун ректору, профессор А.Гыязов Баткен аймак таануу музейинин жаңы, заманбап комплексин куруу боюнча жумушчу топ жана музей директору менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда музейдин эскизи, дизайны талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды. Аны менен катар музейге көмөк катары директор профессор А. Кадыровго 3*1 принтер белекке берилди. 2021-жылдын аягына чейин толук бүтүрүп, ишке киргизүү тапшырмасы жумушчу топко тапшырылды. Жетекчиликтин окуу жайдын, билим берүү жана маданият, тарыхка өзгөчө көңүл буруусу келечектеги бийиктиктерди багындырууга чоң ишеним арттырат. Буюрса башка тармактарда да ушундай эле колдоолор, жаңылануулар жүзөгө ашырылат.