Саналуу күндөрдөн кийин эгемендүүлүк күнү белгиленет. Бул датага карата Баткен мамлекеттик университетинде эл аралык деңгээлде илимий конференция өтүүдө. Россия, Чехия, Словакия, Монголия, Казакстан, Өзбекстандан белгилүү илимпоздор катышты. Конференцияга жалпы жонунан 100гө жакын түрдүү багыттагы илимий макалалар келип түштү. Мындай мүмкүнчүлүк БатМУнун башка өлкөлөрдүн окуу жайлары арасында кадыр-баркын жогорулатууда, кызматташтыкты арттырууда жана тажрыйба алмашууда кеңири жол ачат.