2021-жылдын 20-октябрь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен облустук комитети тарабынан “19-октябрь – Кесиптик кошуун кызматкерлеринин күнү” майрамынын урматына салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага КРнын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.О.Орозбеков, КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдор катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Майрамдык иш-чарада Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишине олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Баткен мамлекеттик университетинин бир катар окутуучулары Төш белги жана Ардак грамоталар менен сыйланды.