Бүгүн 25-октябрь Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов БатМУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, директорлор, декандар менен өндүрүштүк жыйын өткөрүп, анда окуу процессинин жүргүзүлүшү, студенттердин сабакка катышуусу боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын укту. Мындан сырткары социалдык тармактардагы жоосунсуз каралоо, окуу жай боюнча ар түрдүү терс пикирлер боюнча да талкууланды. Жыйында жетишкендиктер белгиленип, айрым кетирилген кемчилдиктер, терс көрүнүштөр боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүлүп, калыбына келтирүү, жолго коюу боюнча мөөнөт берилди.