2021-жылдын 21-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук, массалык-маданий иш-чараларга активдүү катышкан студенттери үчүн биринчи жолу 2022-жыңы жылды утурлай “Ректордун балы – 2022” оюн-зоок кечеси уюштурулду. Бул кечеге КРнын Перезидентинин “Үмүт” стипедиясынын ээлери Мохира Умарова, Гүльчехра Кулдашева жана Мурзабек кызы Чачыкей баш болгон олимпиадаларда, облустук, Республикалык кароо-сынактарда, спортто жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер катышты. Кечеде ректораттын мүчөлөрү, директорлор жалпы катышуучуларды кирип келген жаңы жылы менен куттуктап, студенттик курак зор ийгиликтерди багындыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере турган курак болуп, аны пайдалуу жана жемиштүү өткөрүү ар бир адамдын колунда экендигин белгилөө менен бул иш-чарага катышкан ар бир студент менен БатМУнун жалпы жамааты сыймыктанарын билдирип, окууда жана массалык-маданий, спорттук иш-чараларда дагы да ийгиликтерди жарата беришине тилектештиктерин билдирди.