Бүгүн 2021-жылдын 27-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун Табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо болуп, ага п.и.к., доценттин м.а. М.М.Темирбаевдин талапкерлиги сунушталды. Шайлоого факультеттеги профессордук-окутуучулар курамынын 26сынын ичинен 24ү катышты. Жалпы окутуучулардын добуш берүүсүнөн соң, М.М.Темирбаев шайлоочулардын 92 пайыз добушуна ээ болуп, БатМУ КГПИнин Табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин деканы болуп шайланды. Ошондой эле ушу эле институттун Педагогика факультетинин декандык кызмат ордуна да шайлоо болду. Анда п.и.к., доцент., профессордун м.а. М.М.Боркошовдин талапкерлиги сунушталды. Шайлоого факультеттеги профессордук-окутуучулар курамынын 16сынын ичинен 15и катышты. Жалпы окутуучулардын добуш берүүсүнөн соң, М.М.Боркошов шайлоочулардын 93 пайыз добушуна ээ болуп, БатМУ КГПИнин Педагогика факультетинин деканы болуп шайланды. Жайынтыгында шайлоо комиссиясынын төрайымы, БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы кызы Анара эжеке жана профессордук-окутуучулар шайланган декандарды куттуктап, окуу жайды алга сүрөп, зор ийгиликтерди жаратат деген ишеничтерин билдирди.