Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.Т.Гыязов эмгек өргүүдөн чыгып, БатМУнун башкы мекемеси жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү профессордук-окумуштуулар курамы менен жолугушуу өткөрүүдө.

Бүгүн башкы мекемедеги жамаат менен жыйын өткөрүп, анда Окуу-маалымат департаментинин башчысы А.Исмаилованын 2021-2022-окуу жылындагы жарым жылдык аткарылган иштери боюнча маалыматын, Борборлоштурулган бухгалтериянын башкы эсепчиси А.Алихановдун 2021-жылда аткарылган иштери жана 2022-жыл үчүн коюлган планы боюнча маалыматын укту. Мындан сырткары БатМУнун ректору, э.и.д, профессор А.Т.Гыязов БатМУну өнүктүрүү боюнча бир топ жакшы иштер жасалгандыгын жана мындай аракеттер тынымсыз жүргүзүлө берерин белгиледи.

Жыйындын соңунда катышуучулардын сунуштарын эске алуу менен быйылкы жылы төмөнкүдөй негизги иштерди аткаруу пландалды:- Заман талабына ылайык 50 орундуу студенттик жатакана куруу;- 10 кааналуу админстративдик имарат салуу;- БатМУга тиешелүү 3.5 га жердин айланасын тосуу;- Заманбап ажаткана куруу;- БатМУнун базасындагы “Айгүл-Тоо” маданий музей комплексине жаңы имарат куруу;- 2022-жылдын январь айынан баштап, профессордук-окутуучулар курамынын айлык акысын жогорулатуу.