Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде жаштар арасында эстремизмдин, терроризмдин жайылуу коркунучу, анын кесепеттери боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, КРнын Дин иштери боюнча Баткен облусундагы өкүлү Ч.Юсупов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдор менен БатМУнун эмгек жамаатынын жана студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чараны БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев ачып, дүйнөдө болуп жаткан экстремистик, террористик окуяларга кайдыгер карабай, ар бир адамдын туура маалыматка ээ болуусу коомубуздагы коркунучтардын алдын аларын билдирип, келген конокторго сөз берди. Жолугушуу суроо жооп тартибинде өтүп, катышуучулар бир топ пайдалуу маалыматтарды алышты.