2022-жылдын 10-март күнү БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда “РЕКТОРДУН КУБОГУ” споттук мелдеши болуп өттү. Мелдешти БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, өлкөгө татыктуу кадрларды даярдап берүүдө профессордук-окутуучулар курамынын ден соолугунун чың болуусу зарыл экендигин, бул багытта спорттук иш-чаралардын санын көбөйтүү менен ар бир окуу-түзүмдөгү мед.пунктардын шартын жакшыртууну колго алгандыгын белгиледи. Андан соң, куттуктоо сөзү Сүлүктү шаарынын мэри М.Т.Кадыркуловго, Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы К.Г.Мадеминовдорго берилди.

Салтка айланган бул иш-чарага БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 4 команда катышып, спорттун волейбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргол, шахмат түрлөрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында: 1-орунду БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун командасы; 2-орунду БатМУнун Кызыл-Кыя технология, экономика, укук институнун командысы; 3-орунду БатМУнун башкы мекемесинин командасы; 4-орунду БатМУнун Кызыл-Кыя Гуманитардык-педагогикалык институтунун командасы ээледи. Жеңүүчү командалар жана мелдешке активдүү катышкан окутуучулар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.