Бүгүн БатМУнун Сүлүктү гуманитардык институтунун Студенттик Кеңеши тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү “Акыл кербени” инсан таануу сабагы уюштурулуп, бул иш-чаранын башкы каарманы БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов болду. Иш-чарада алгач профессор А.Т.Гыязовдун өмүр баянын, ийгиликтерин, БатМУнун ректору болгондон бери жасаган эмгектерин чагылдырган видеоролик, сүрөттөр көрсөтүлүп, студенттер тарабынан суроолор берилди.

“Акыл кербени” инсан таануу сабагынын башкы каарманынын жетишкен ийгиликтери, жасаган иштери, студенттерге берген кеп-кеңештери жаштарга чоң таасир берүү менен келечектеги максаттарына жетүүгө зор мотивация болду.

Инсан таануу сабагы жаштарды максаттуу жашоого тарбиялоо жана турмуштагы кыйынчылыктарга карабастан ишенимдүү кадам жасоого мотивациялоо, убакытты туура пайдалана билүүгө үйрөтүү максаттын көздөп, анда негизги каарман студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүү менен аныкталат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Инсан таануу сабагынын башкы каарманы Айдарбек Токторовичге арналып чыгарылган китепче жана студенттердин атынан белектер, ошондой эле “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Ардак грамотасы тапшырылды. Ал эми, профессор А.Т.Гыязов тарабынан эң жакшы суроо берген студенттерге белектер берилди.