Баткен мамлекеттик универиситетинин Сүлүктү гуманитардык- экономикалык институтунун кабыл алуу комиссиясынын техникалык катчысы К.А.Алиев баш болгон бир топ окутуучулар 2022-2023-окуу жылы үчүн абитуренттерди кабыл алуу максатында атайын пландын негизинде 2022-жылдын 14-15-апрель күндөрү Лейлек районуна караштуу Лейлек айыл аймагындагы К.Сабыров, Ак терек, Б. Эралиев, Лейлек орто мектептеринде жана ушул эле күнү дагы бир топ окутуучулар Сумбула айыл аймагындагы орто мектептерге кесипке багыттоо үгүт иштерин жүргүзүп келишти.