Бүгүн БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплексинин кызматкерлерин КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкулов кабыл алып, Баткен чөлкөмүнүн тарыхын изилдөөдө, андагы тарыхый мурастарды сактоодо жасаган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, музейибиздин келечеги тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы музей тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплексинин башчысы А.А.Кадыров жана музейдин кызматкерлери Ж.Ж.Абдилаев, К.А.Таировдорго КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.