2022-жылдын 27-28-апрель күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде “Баткен облусундагы туризмди туруктуу өнүктүрүү жана Мадыген геопаркын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар сетине сунуштоо” деген темада Эл аралык форум болуп өттү.

Форумга КРнын Президенттинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев, КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары К.А. Кенжематова, ЮНЕСКОнун өкүлү Кристине Товмасян, БатМУнун экономика жана финансы боюнча проректору М.М.Үсөнов, Дестинация Ош жана тиешелүү айыл өкмөт башчылары, туристтик компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинин базасында ЮНЕСКОнун “Фергана өрөөнүндөгү тарыхый-геологиялык мурастар” аттуу кафедрасын ачуу, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы “Саймалуу-Таш” маданий комплексинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ЮНЕСКО менен суйлошуулор жургузулду.

Форумда ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган “Мадыген геопаркы” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүндө коюлган 45 даана картина Баткен мамлекеттик университетине белекке берилди.