Бүгүн, 2022-жылдын 24-майында Баткен шаарында БатМУнун базасында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүп жатат.

КРнын Билим берүү жана илим министри алгач Баткен мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү менен баарлышып, окуу жайда жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Отурумга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүлдөрү, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев, Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон эмгек жамаат жана облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Жыйында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер, учурдагы абал жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланууда.

Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар билим берүү кызматкерлери КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана “Ардак гамотасы” менен сыйланды.

Мындан сырткары министр А.Бейшеналиев бир катар мектеп директорлоруна акыркы үлгүдөгү компьютерлердин сертификаттарын тапшырды.