БатМУ КГПИнин табийгый математикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Абдибайитова Апиза Абдурасуловна 03.02.08-экология адистиги боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн “Чаувай кен массивинин калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири”деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илимдин кандидаты дипломуна ээ болду.

Илимий жетекчиси биология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги Б.А.Токторалиевди жана А.Абдибаитованы кызуу куттуктайбыз!

Илим жолу татаал. Тынымсыз изденүү, талыкпаган эмгек, түбү көрүнбөгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында илим дүйнөсүнө жаңылык киргизген А.Абдибаитовага мындан ары да чыгармачылык менен иштөөсүн каалайбыз!
Жасаган эмгегиңиз элге кызмат кылган иш болсун!
Бакубат жашоодо, бекем ден соолукта болуңуз!