“Китеп – адамдардын рухий байланышындагы көөнөрбөс көрөнгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет.  Китеп – адамдарды байланыштырат”

                                 (Чынгыз Айтматов)

2022-жылдын 2-мартында БатМУ СГЭИнин Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасы тарабынан уюштурулган “А.Д.Курбонов жана түштүк-батыш чөлкөмүндөгү тарыхый изилдөөлөр” аттуу семинарга тарых адистигинин бүтүрүүчүлөрү  Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери Бурул Увайдуллаевна Козубаева, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тарыхчы мугалимдери институттун бүтүрүүчүлөрү Сүлүктү шаардык кеңешинин башкы адиси Бавабек Ергашевич Ташев, №48 кесиптик лицейинин тарых мугалими Абдырапык Бабаев,  Кара-Булак орто мектебинин директору, тарых мугалими Ганыева Ижабатхан Субанкуловна, Рустам Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин тарых мугалими Жумагүл Жолдошева, №73 кесиптик лицейинин тарых мугалими Акботоева Бууниса Абдигапаровна, 2013-жылдагы бүтүрүүчүсү БатМУ СПКнын окутуучусу Батма Эргешбаевна Исаева, Исфана орто мектебинин тарых мугалими Элдор Бахтиерович Далиев, В.И. Ленин №1 атындагы орто мектебинин тарых мугалимдери  Нуржамал Маматкуловна Калилова жана  Альфина Алимбаевна Абдукаримова, Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин тарых мугалими Гүлнара Карабаева,  Мархабо Джувошбаева, Турсун Рустамов атындагы №5 орто мектебинин тарых мугалими Замира Хазраткуловна Хамидова, мындан сырткары азыркы күндө ушул жамаатта  эмгектенип жүргөн кафедранын окутуучулары: А.Ж Сейтмуратова; Б.У Канназарова; Н.А Доорановдор катышышып, ар түрдүү ой-пикирлерин ортого салышкан.

  Институттун карьера жана диплом боюнча жетектөөчү адиси А.Ж.Сейтмуратова бүтүрүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен бирге, алар менен дайыма байланышып, ар бир бүтүрүүчүнү окуу жайга чакыруу, тартуу, алардын ийгиликтери, жетишкендиктерин окуу жайга жайылтуу максатында, БатМУ СГЭИде өткөрүлүүчү конференция, семинар жана  ар түрдүү багыттагы иш-чараларга катыштырууну уюштуруп келет.

БатМУ СГЭИнин Тарых жана юридика факультетинин 2003-жылдагы “Тарых адистигинин” бүтүрүүчүсү, учурда Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери  Козубаева Бурул Увайдуллаевна өзүнүн сүйүктүү окуу жайына 40 даана “Окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу (Тарых предметинин мисалында)” мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, 12 даана Тарых предмети боюнча ЖРТга жана олимпиадага даярдануу китептерин жана “Устат атандан улук” дегендей устаттары Ысмайил Сарыбаевичке, Абдукаюм Давлятовичке белекке китептерин берип, кубандырды.  Устаттары ага жакшы каалоо-тилектерин айтышып, ак батасын беришти.

Ошондой эле буга чейин Тарых адистигинин 2001-жылдагы бүтүрүүчүлөрү Бабаев Абдырапык “Абдырахман палван” жана Асалбүбү Сейтмуратова “Кыргызстан тарыхы боюнча тесттер жыйнагы” китептерин БатМУ СГЭИнин китепканасына белек катары тапшырышкан. Белекке берилген китептер окуу жайдын китепканасында атайын журналга катталып, кириш болуп, көрсөтмөгө коюлган. 

Албетте,  бул байланышууну уюштурууда БатМУ СГЭИнин  карьера жана диплом боюнча жетектөөчү адисинин салымы бар.

 Урматтуу Бурул Увайдуллаевна! Сиз бизди эстеп көнүл буруп китеп белекке берүү менен, тарых профилинин мындан ары калыптанышына, жаш муундардын өсүп-өнүгүшүнө өз салымынызды коштунуз деп ойлойбуз, түйшүктүү иштеринизде ийгиликтерди каалайбыз, чыгармачылык изденүү менен жасалган эмгектериниздин үзүрүн көрүп, окуу жай менен дайыма тыгыз байланышта болуп, кызматташат деп ишенебиз!

    Сизге администрациянын, факультеттин, кафедранын, студенттик курам боюнча карьера жана диплом боюнча жетектөөчү адисинин, тарыхчы окутуучулардын атынан терен ыраазычылык билдиребиз!                         Сизди терен урматтоо менен  БатМУ СГЭИнин эмгек жамааты!