2022-жылдын 8-сентябрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор, А.Т.Гыязов БатМУнун студенттери менен жолугушту.

Иш-чарада ректор Айдарбек Токторович окуу жайдын босогосун жаңыдан аттаган студенттерге түйшүктүү жана кызыктуу билим алуу жолунда ийгиликтерди каалап, мыкты кесип ээлери болуп чыгууларына тилектеш экенин билдирди.

Жолугушуу эркин форматта, суроо-жооп иретинде улантылды. Анда студенттер ачык-айкын окуу процесси, маданий-массалык, спорттук иш-чаралардын жүрүшү тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.