1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата БатМУнун ректору, профессор А.Т. Гыязовдун буйругуна ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде жана структуралык бөлүмдөрүндө эмгектенген отуз аксакал окутуучу жана кызматкерлерге акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле БатМУнун Административдик чарба департаментинин башчысы Мидинов Шералы Ташыбаевич “Баткен облусунун 15 жылдыгына карата чыгарылган юбилейлик” медалы менен сыйланды.

Урматтуу, майрам ээлери! Сиздердин бай тажрыйбаңыздар окуу жайыбыздын өсүп-өнүгүүсү үчүн абдан керек. Өзүңүздөргө бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!