Бизнес инкубатордун командасыБизнес инкубатордун долбоорлоруБанк резюме долбооруМыйзамдык актыларыЖаңылыктар

Бизнес-инкубатор – студенттерге, жаш окумуштууларга алардын ишкердик иш-аракеттерин жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана өнүктүрүүдө колдоо жана жардам көрсөтүүчү БатМУнун астындагы уюм.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун буйругунун негизинде БатМУда Бизнес инкубатор түзүлдү.

2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Баткен облусундагы өкүлү А.К.Алимбаев, Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун катышуусунда ачылуу аземи болду.

Бизнес инкубаторлор Кыргыз Республикасында 32 жогорку окуу жайларынында негизделди. Бизнес инкубаторлордун маанилүүлүгү тууралуу ачылуу аземинде онлайн түрдө Министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаров сөз сүйлөдү. Мындан ары студенттердин стартап долбоорлору дипломдук иш жазуу менен теңделээри тууралуу айтып өттү.

Бизнес инкубатордун долбоорлору тууралуу видеотасма

Байланышуу жолдору:

Дареги: КР, Баткен ш., И.Жусупов к. 21.

Тел: +996772330666

e-mail: cbpbatsu@gmail.com