БатМУнун ректору, Экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов кызматын ак ниет аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн КРнын Министрлер кабинетинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

Агайды жалпы профессордук жана окутуучулар жамааты жогорку сыйлыгы менен куттуктап, кажыбас кайрат, чың ден соолук, бакубат өмүр жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!

Сиздин сыйлык жалпы жамааттын сыймыгы. Ар дайым өнүгүүгө өрүш алган кадамыңыз арбып, ийгиликтерди жарата бериңиз. Сыйлыктарга чек болбосун.