1-курстар үчүн кыргыз тили жана математика предметтеринен диагностикалык тест өткөрүлдү

Бүгүн 10-октябрь, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде 1-курстар үчүн университетке абитуриенттерди кабыл алуу боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, математика жана кыргыз тили предметтеринен диагностикалык тест өткөрүлдү. Сурамжылоонун максаты: студенттердин баштапкы билим деңгээлин аныктоо жана билим сапатын көтөрүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу. Бул сурамжылоо БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө графикке ылайык, Сапат жана карьера бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

Жүргүзүлгөн сурамжылоолор боюнча фотоотчет