Баткен мамлекеттик университетинин 2024-календарлык жылга БатМУнун башкы мекемесинин сметасын талкулоо боюнча БатМУнун ректорунун алдында жыйын болуп өттү.

Сметаны талкулоодо БатМУнун башкы мекемесинин окутуучулары жана жалпы жамааты тарабынан бир канча сунуштар берилди. Сунуш пикирлерди эске алуу менен жалпы окуу жайдын окуу түзумдүк бөлүмдөрунүн сметасын жалпылап бириктирип бекитүүгө алып чыгуу БатМУнун экономика жана каржы иштери боюнча проректор М.М. Үсөновго жана башкы эсепчи А. Алихановго милдеттендирилди.