26-март күнү, Баткен мамлекеттик университетинде “Өспүрүмдөр, жаштар арасында баңги заттар, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор боюнча учурдун көйгөйлүү маселелери”- деген темада жыйын болуп өттү. Жыйынга БатМУнун көп тармактуу колледжинин профессордук окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Сырттан конок катары ЖЧК “Зухра” аптекалар түйүнүнүн директору Мавлянов Мунарбек Исабекович, Баткен областык үй-бүлөлүк медицина борборунун ден-соолукту чыңдоо боюнча адис дарыгери, Асанова Мавлюда Камалидиновна жана БатМУнун структуралык бөлүмдөрүн координациялоо ректордун өкүлү, Артыкбаев Гыламидин Урустомовичтер болушту. Жыйында негизинен жаштар арасында кеңири кулач жайып бараткан синтетикалык баңги заттарды колдонуу, психо активдүү заттардын жаңы түрлөрү боюнча маалыматтар, синтетикалык наркотик спайс, дарыкана баңгилиги, энергетикалык ичимдиктер, колян, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, насвай чегүү, прекурсорлор боюнча маалыматтар, жана ошондой эле аларды болтурбоо, алдын алуу чаралары, кесепеттери жөнүндө сөз козголду. 2024-жылдын 31-январында Жогорку Кеңеште кабыл алынган: “Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө”- Жогорку Кеңештин токтомун ишке ашыруу максатында суроо жооп талкуулар өткөрүлдү. Мамлекеттик деңгээлде бул багытта жүргүзүлгөн иш чаралардын аткарылышы боюнча кеңири сөз козголду.