6-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана БатМУнун административтик чарба департаменти Республика боюнча жүрүп жаткан тазалык акциясынын алкагында жалпы ишембиликке чыгышты.Мында окуу жайдын айланасы жана университет жайгашкан Баткен шаарынын негизги көчөлөрүндө тазалоо иштери жүрүп, арыктар чабылды. Ошондой эле тийиштүү жерлерге жазгы гүлдөр, дарак көчөттөрү эгилип, университеттин кызматкерлери айлананы көрктөндүрүү иштери менен алек.Белгилей кетсек март айынын башынан бери ар жуманын аягында окуу жайдын ректораты жана профсоюз комитетинин көзөмөлү менен ишембилик өткөрүлүп, жазгы тазалоо, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө.