25-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин “Табигый, гуманитардык жана педагогикалык” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илим – жашоо чырагы, өнөр – элдин куралы” – аттуу жумалык жемиштүү жыйынтыкталды. Жумалык “Улут биримдиги – эл байлыгы” – аттуу чоң концерттик программа менен соңуна чыкты. Бул иш-чарада улуттук делегациялардын курамында студенттер улуттук каада-салттарды, маданий өзгөчөлүктөрдү чагылдырган номинациялар менен жарышты. Делегациялар кызыктуу номерлерди аткарышып, төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

1-орун – П-1-20 тайпасынан куралган Казак делегациясы;

2-орун – П-1-22 тайпасынан куралган Өзбек делегациясы;

3-орун – П-1-21 тайпасынан куралган Кыргыз делегациясы;

4-орун – П-1-23 тайпасынан куралган Орус делегациялары.

Жеңүүчүлөр I, II жана III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.Мындан сырткары жумалыктын жүрүшүндө активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.