Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов 2024-жылдын 10-май күнү БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИде студенттер жана эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда жүргүзүлүп жаткан иштер, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан болуп жаткан реформалар, институттагы жаңы ачыла турган илимий изилдөө борбору, заманбап китепкана, конференц залдын аяктоо иштери, курула турган объектер боюнча таанышып, студенттердин катышуу, жетишүүсү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, алдыбыздагы МАКты, сессияларды таза, адилеттүү өткөрүү боюнча кенири кеп куруп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

2024-жылдын 11-май күнү Баткен мамлекеттик университетинин КТЭУИнин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы пландар, максаттар, коюлган тапшырмалардын аткарылышы, студенттердин катышуу, жетишүүсү жана алардын окутуучуларга, окуу жайга болгон суроо талаптары, сунуштары менен пикир алышты. Астыбыздагы жыл жыйынтыктоочу сессиялар, МАКтын таза жана адилеттүү өткөрүлүүсү боюнча конкреттүү талаптар коюлуп, жемкорчулуктун алдын алуу, кесепеттери боюнча баарына тапшырма берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жолугушуу соңунда студенттер тарабынан жүргүзүлгөн “Жакшы иште жарышкыла” аттуу акциянын жыйынтыктоочу иш чарасына катышып, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле БатМУнун бардык структуралык түзүмдөрүндө Ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, абитуриенттер үчүн баалуу белектер ойнотулаарын баса белгиленди.