Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) – Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.07.2000-ж. № 190 Указы менен Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя филиалынын, Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалынын, Ош технологиялык университетинин Сүлүктү филиалынын, Ош мамлекеттик университетинин Сүлүктү филиалынын, Оштогу жогорку педагогикалык колледждин Сүлүктү филиалынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Баткендеги окуу-консультативдик пунктунун базасында башкы мекемеси Баткен шаарында жайгашуу менен түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 227 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын  оптималдаштыруу боюнча концепциясына ылайык Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан чыккан 10.04.2014-ж. № 227/1 “ЖОЖдордун обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө”, 19.03.2015-ж. № 276/1 “Жогорку окуу жайларынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө” буйруктарына ылайык БатМУнун ректорунун 16.01.2016-ж. № 01-04/4 “Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө” буйругуна ылайык БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүн реорганизациялоо жүргүзүлдү, б. а. азыркы учурда БатМУнун структурасына Кызыл-Кыя шаарындагы Социалдык-гуманитардык институту (СПИ), Экономика жана технология институту (ЭТИ), Сүлүктү шаарындагы Гуманитардык–экономикалык институту (ГЭИ), Сүлүктү педагогикалык колледжи (СПК) жана Баткен гуманитардык-экономикалык колледжи (БГЭК) кирет.

Баткен мамлекеттик университети Баткен облустук Юстиция башкармалыгы тарабынан 26.09.2000-ж. юридикалык тарап катары каттоого алынган (Күбөлүк 234–3309–У-е).

Укуктук макамы: мамлекеттик билим берүү мекемеси.

Мамлекеттик башкаруу органы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Юридикалык дареги: 715100, Баткен шаары, И. Жусупов көчөсү – 21.

Веб-сайты: www.batsu.kg.

е-mail: batsu2009@rambler.ru.

Баткен мамлекеттик университети түзүлгөндөн бери Баткен облусундагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемеси катары өз ишмердүүлүгүн педагогикалык, гуманитардык, экономикалык, технологиялык багыттардагы адистиктерди даярдоого багыттап келүүдө.

Билим алуу – ар бир инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүнө, өз алдынча турмуш жолуна түшүүдө кесиптик жактан калыптанышына өбөлгө түзөт. Ошондуктан, БатМУда студенттерге сапаттуу билим берүүгө, профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчүн жана квалификациясын жогорулатуу менен алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырууга негизги көңүл бурулат.

Баткен мамлекеттик университети күн санап калыптанып, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо жүгүн аркалап келет. БатМУ ачылгандан бери 10 000ден ашык бүтүрүүчүлөрдү уядан чыгарды жана алар бүгүнкү күндө өндүрүштүн түрдүү тармактарында, агартуу майданында, жетекчилик кызматтарда, негизгиси – Кыргызстандын бардык аймагында эмгектенип, элге кызмат көрсөтүүдө.

Баткен мамлекеттик университети мамлекеттик билим берүү мекемеси катары жогорку кесиптик билим берүү (адис, бакалавр) жана кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашырат.

Окуу жайы өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «КРнын Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын жана билим берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка ченемдик актылардын, ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинин Уставынын негизинде жүргүзөт.

2015-2016-окуу жылында Баткен мамлекеттик университети күндүзгү жана сырттан окутуу формаларынын негизинде 22 адистик боюнча жогорку квалификациялуу, 12 билим берүү багыты боюнча жогорку “бакалавр” академиялык даражасы боюнча жана 18 адистик боюнча орто кесиптик билимдүү кадрларды даярдоодо. Алар:

жогорку билим берүү программасы боюнча:

  1. Колдонмо математика жана информатика;
  2. 02. Которуу жана котормо таануу;
  3. Социалдык иш;
  4. Мекеменин менеджменти;
  5. Финансы жана кредит;
  6. Бухгалтердик эсеп жана аудит;
  7. Экономикадагы математикалык усулдар;
  8. Аскерге чейинки жана дене тарбия даярдыгы;
  9. Химия;
  10. Биология;
  11. Математика;
  12. Физика;
  13. Информатика;
  14. Кыргыз тили жана адабияты;
  15. Орус тили жана адабияты;
  16. Чет тили;
  17. Тарых;
  18. Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулдугу;
  19. 03. Электрдик камсыздоо (тармактар боюнча);
  20. Кыймылды уюштуруу жана анын коопсуздугу;
  21. Салык жана салык салуу;
  22. Бажы иши;

Жогорку “бакалавр” кесиптик билим берүү программасы боюнча:

  1. 510200. Колдонмо математика жана информатика;
  2. 530500. Юриспруденция;
  3. 532000. Дене тарбия;
  4. 550100. Табигый илимдер боюнча билим берүү (даярдоо профили: Биология, Химия);
  5. 550200. Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профили: Математика Информатика, Физика);
  6. 550300. Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Чет тили);
  7. 550400. Социалдык–экономикалык билим берүү (даярдоо профили: Тарых);
  8. 5 Педагогика (даярдоо профили: Башталгыч класстарды окутуунун методикасы);
  9. 580100. Экономика (даярдоо профили: Финансы жана кредит, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Салык жана салык салуу);
  10. Транспорт процесстеринин технологиясы;
  11. 750100. Архитектура;
  12. 750500. Курулуш.

 Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча:

  1. Укук таануу;
  2. Мектепке чейинки билим берүү;
  3. Башталгыч класстарда окутуу;
  4. Дене тарбия;
  5. Финансы (тармактар боюнча);
  6. Салык жана салык салуу;
  7. 080108. Банк иши;
  8. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);
  9. Жер астындагы пайдалуу кен байлыктарды иштетүү;
  10. 1 Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо;
  11. 2 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
  12. 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча);
  13. 2 Тигилген буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо;
  14. Орус тили жана адабияты;
  15. Англис тили;
  16. Эне тили жана адабияты.

 Университеттин материалдык-техникалык базасы тынымсыз өнүгүп турат.

Окутуу процессинде инновациялык усулдар жана окутуунун жаңы технологиялары кеңири колдонулат, студенттердин билимин баалоо модулдук-рейтингдик негизде жүргүзүлөт.

Кесиптердин туу чокусу – бул илимге арналган кесип экендиги талашсыз. Бүгүнкү күндө университетте эмгектенген профессордук-окутуучулар курамынын жалпы саны 211, алардын ичинен: 5 илимдин доктору, профессор, алардын ичинен 1 Кыргыз ССРнин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 3 илимдин доктору, доцент, 41 илимдин кандидаттары, доценттер, 23 илимдин кандидаттары, ага окутуучулар, 139 ага окутуучу, окутуучулар. Илимий даражасы бар окутуучулар жалпы профессордук-окутуучулар курамынын 34 % ын түзөт. Штатта отурган окутуучулар жалпы профессордук-окутуучулар курамынын 86,5 % ын түзөт.

Окуу жана окуу–усулдук иштер

Баткен мамлекеттик университетинде окуу жана окуу-усулдук иштер КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, БатМУнун Уставынын, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Жоболоруна жана КРнын Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле БатМУнун окуу процессинин графигине ылайык жүргүзүлөт.

БатМУда окуу процесси КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-2012-жылдары бекитилген Мамлекеттик жалпы билим берүү стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт жана бардык адистиктер боюнча окуу пландары ошол стандарттардын негизинде түзүлүп, БатМУнун Окумуштуулар Кеңешинде каралып бекитилген.

Окуу процессинин графигине ылайык зачеттук-сынактык сессиянын мөөнөтү, жүрүшү, модулдук текшерүүнүн жыйынтык баллдарын ведомостторго түшүрүү, журналдарды туура, так толтуруу, факультеттерге илүү Окуу-маалымат департаменти жана деканаттар тарабынан системалуу текшерилип турат.

Окутуунун жаңы инновациялык усулдарын окуу процессинде пайдаланууну жакшыртуу үчүн бир нече окуу-усулдук семинарлар өткөрүлүп, ага профессордук-окутуучулар курамы активдүү катышып келүүдө.

Атап айтсак, 2014-жылдын 15-21-сентябрында Бишкек шаарында Германия мамлекетинин Бишкектеги GIZ Германия технологиялык борборунун колдоосу менен “Окутуунун активдүү формалары” аттуу семинарга Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., проф. м.а. М.Д. Айдарова катышып, сертификат алган.

2013-жылдын декабрынан баштап Ист-Вест Менеджмент институтунун Биргеликте башкаруу программасы менен Кыргыз улуттук университети тарабынан “Коммерциялык эмес мекемелерди башкаруу” ресурстук борборунда «Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес мекемелерди башкаруу: өнүгүү перспективалары» аттуу семинар өткөрүлүп, ага Социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Саттаркулов Д. катышып, жогорку окуу жайларында экономикалык багыттагы адистиктерге “Коммерциялык эмес мекемелерди башкаруу” дисциплинасын киргизүү боюнча жумушчу программаларды түзүүгө жана окуу куралын жазууга авторлош болуп кирген жана 3 окутуучу катышып, сертификат алган.

2014-жылдын 15-26-декабрында Баткен шаарында Америка эл аралык кызматташтыгынын USAID коомдук уюму менен Кыргыз Билим берүү академиясы биргеликте уюштурган “Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү”, 2015-жылдын 14-16-майында “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун техникалык колдоосу астында БатМУнун базасында тренерлер ОшМУнун Сапат департаментинин директору, п.и.к., профессор Алтыбаева М., п.и.к., доцент, “Математиканы окутуунун методикасы” кафедрасынын башчысы Аттокурова А. жана “Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы” кафедрасынын ага окутуучусу Маматова А. тарабынан «Заманбап окутуу технологиялары жана усулдары. ЖОЖдун ишмердигинин натыйжалуулугун өлчөө инструменттеринин системасында өздүк баалоонун уюштурулушу», 2015-жылдын 22-24-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Педагогика жана окутуунун технологиялары” кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Сияев С.М. тарабынан “Азыркы мезгилдин педагогунун компетенттүүлүгү”, 2015-жылдын 22-25-июнунда Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгынын техникалык колдоосу астында БатМУнун башкы мекемесинде “Кыргызстандын атуулунун көп маданияттуулук личностун калыптандыруу боюнча усулдук колдонмосун колдонуу”, 2016-жылдын 1-5-февралында Бириккен Улуттар уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жогорку окуу жайлардын окутуучуларына жана практиктерге “Мектепке чейинки билим берүү жана тынчтыкты куруу” аттуу тренингдер, семинарлар өткөрүлүп, ага бир нече окутуучулар катышып, сертификат алган.

2016-жылдын 26-29-январында Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгынын техникалык колдоосу астында Борбордук Азиядагы Америка университетинде өткөрүлүп жаткан “Көп маданияттуулук жумалыгы” аттуу этномаданий жумалыкка 4 окутуучу жана 5 студент катышкан.

  • БатМУ – бул жаштарга заманбап маалыматтык технологиялардын жардамында татыктуу билим берүү.
  • БатМУ – бул кесиптик жана руханий жактан өсүүгө умтулган жаштарга жогорку сапаттагы билим берүүгө бардык күчүн жумшаган профессордук-окутуучулар жамааты.
  • БатМУ – бул күчтүү материалдык-техникалык база: 17 окуу корпусу, 8 интернет-классы, ошондой эле акыркы муундагы компьютерлер менен жабдылган 18 компьютердик класстар, 8 спорттук зал, 4 стадион, студенттердин маданий-массалык иш-чаралары өткөрүлүүчү залдар бар.

БатМУнун Окуу–маалымат департаменти

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы,

715100, Баткен шаары,

И. Жусупов көчөсү – 21,

тел., факс:  (0 3622)  5 – 03 – 26.