All for Joomla The Word of Web Design

СӨЗ ТИЗГИНИ РЕКТОРДО

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.М.Зулпуевдун жаны окуу жылына карата иш пландары боюнча берген маеги.

Баткен мамлекетттик университетине 19 жыл болду. Ошол жылдар ичинде көп жанылыктар болду, ошондой болсо да, биз  мындан да жакшыраак ийгиликтерге жетишибиз керек. Негизги максатыбыз – БатМУнун миссиясын ишке ашыруу же биз эмнеге максат коюшубуз керек дегендей чон бир демилге менен иш жүргүшүбүз керек, башкача айтканда, БатМУнун ишмердүүлүгүн илимий чыгармачылык менен жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү жана көп тилдүү адистерди даярдоо менен аймактын социалдык-экономикасын өнүктүрүү.  Аталган максатка жетүү үчүн биз 3 нерсеге көнүл бурушубуз керек:

  1. Илимий потенциал. Акыркы окуу жылдарда биз басымды көбүрөөк илимий потенциалга жасап, кызматкерлерибиздин илимий денгээлин жогорулатуу максатында иш алып баратабыз. Айтсак, жыл санап илимдин докторлору, кандидаттарынын санынын өскөндүгү – университеттин илимий потенциалынын замандын талабына ылайык өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Бул – биз үчүн чек эмес, келечекте окутуучуларыбыздын, студенттерибиздин илим, билим айдыңында мыкты көрсөткүчтөрү, жетишкендиктери  менен дүйнөлүк билим берүү стандарттарына, талаптарына жооп бере алган деңгээлине жетүү- келечектеги кечиктирилгис максаттарыбыздан.
  2. Материалдык техникалык база. Окуу жайдын өнүгүүсү үчүн, сөзсүз түрдө анын материалдык-техникалык базасынын заманбап болушу коомдун да, билим берүүнүн талабы экени талашсыз. Ошондуктан бугунку кундо биз атайын БатМУнун башкы мекемесин жаңы имаратын курууну баштадык, атайын долбоорду иштеп чыгып ошонун негизинде, ОшГипроСтрой ар тараптуу экспертизалардан, текшерүүлөрдөн өтүп, толугу менен имаратты курууга шарт түзүлүр турган мезгил. Азыркы учурда пайдубалы менен жертоло бөлүгү бүтүү алдында турат. Бул имаратта бир эле мезгилде 3000 студент окуганга мүмкүнчүлүк алат, эгер бир сменада билим алса,  эгерде 2 смена болсо, анда  6000 студенттин окуусуна шарт түзүлөт. Курулушту бүтүрүү үчүн өкмөт тарабынан эмки жылга каржылык жактан жардам катарында бюджетке киргизүү маселеси коюлган, буюрса эмки жылдан баштап бюджетке кирип калса, бул маселе да чечилет. Бул үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.
  3. Сапаттуулукка жетишуу. 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган соң, аталган жылда   университет акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Ошондой эле ушул окуу жылынын алкагында студенттер үчүн өз учурунда кызмат көрсөтүү жана алардын убактысын үнөмдөө максатында маалымат технологияларын колдонуу менен “бирдиктүү терезе” режимин автоматташтырууну ишке киргизебиз. Мында студенттер керектүү маалыматтарды, алсак, окуп жаткандыгы тууралуу маалымкат, академиялык маалым кат берүү, архивдик маалым кат берүү жана бүтүрүүчүлөр үчүн кыдырма барагын да бир жерден ала турган  сапатка өтүүнү камсыздайбыз.

0 Comments

    Leave a Comment

    Login

    Welcome! Login in to your account

    Remember meLost your password?

    Lost Password