ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН НЕГИЗИНДЕ КАБЫЛ АЛУУ
Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде абитуриенттерди кабыл алуу ОНЛАЙН ТАРТИБИНДЕ жүргүзүлөт.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча БатМУга абитуриенттерди кабыл алуу турларынын графиги:
1-тур – 20-22-июлда саат 14:00 чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү; 23-25-июлда саат 17:00 чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоо;
2-тур – 27-29 июлда саат 14:00 чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү; 30-июль-1-августта саат 17:00 чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоо;
3-тур – 3-5-августта саат 14:00 чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү; 6-8-августта саат 17:00 чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоо.