2016-жыл “Тарых жана маданият” жылына карата Кызыл-Кыя шаарындагы кесиптик жана жогорку окуу жайларынын арасында бир жылдык иш чара пландаштырылып илимий конференциялар өткөрүлдү. Атап айтсак Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналып студенттердин   илимий конференциясы Кызыл-Кыя медициналык колледжинде өткөрүлгөн конференцияда  биздин студент Илимбек кызы Диларам илимий макаласы менен катышып байгелүү орунга ээ болду. Ушул эле жылдын декабрь айында СПИнин КОББ бөлүмүндө Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган “Кыргыз ССРи – совет доорунда” аттуу илимий конференция МЭРИЯнын өкүлдөрү, шаардагы кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттеринин катышуусунда болуп өттү.

Чыгармачыл студенттерди илим изилдөөлөргө тартуу, чыгармачылык демилге берүү бөлүмдөгү эң башкы милдеттерине кирет. Бул багытта “Жаш калемгер”, “Акыл ордо”, “Жаш техник” ийримдери иштейт.

2016-жылдын 14-декабрында БатМУ СПИнин Кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө  “Мугалимди барктабаган өлкөнүн келечеги жок”-деген аталышта семинар болуп өттү.

Семинарга ОшМУнун алдындагы Рыспай Абдыкадыров эстетикалык институтунун директору, ф.и.к. обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов, Президенттик сыйлыктын лауреаты, Президенттин Ардак грамотасынын ээси, республикалык айтыштын женүүчүсү, Ош шаарындагы Бабур театрынын директорунун орун басары.  төкмө акын, педагог Идирис Айитпаев, котормочу,  лингивист, 50дөн ашуун кино жана мульфильмдерди кыргыз тилине которгон, “Кыргызча- англисче” сөздүктүн автору, КА+афоризмдердин баракчасынын ээси Жыргалбек Ажыматов, ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу, Билим лицейинин мугалими, студенттердин “Нур” газетасынын редактору, акын Улугбек Омокеевдер катышышын мугалимдик кесип боюнча өздөрүнүн баалуу пикирлерин айтып өтүштү.

Студенттердин билим денгээлин көз карандысыз баалоочу иш чаралардын бири болуп студенттик олимпиада эсептелгендиктен, бөлүмдө олимпиадага студенттерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.

2015-2016-окуу жылынын 27-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык колледждер арасында өткөрүлгөн олимпиадада  төмөнкүдөй орундарды ээлешти.

Предметтик олимпиада боюнча:

  • орус тили I орун; (жетекчиcи Кочкорова Г)
  • англис тили III орун; (жетекчиси Дыканова Б.)
  • тарых I орун; (жетекчиси Арзыбаева Р.)
  • экологиянын негиздери I орун; (жетекчиси Мадиярова Ч.)
  •  экономикалык негиздери I орун; (жетекчиси Тешебаева Б)
  • укук таануу I орун; (жетекчиси Жунусова Г.)
  • физика I орун; (жетекчиси Ташкенбаева З.)
  • информатика I орун; (жетекчиси Ташполотов Т.)