Педагогика факультети БатМУ КПИнин бир структуралык бөлүмү. Ал Ош МУнун Кызыл-Кыя филиалы учурунда (1998-ж.) Табият таануу факультети деп уюшулган, Ал учурда факультетте 42 окутуучу эмгектенип, 892студент билим алган (күндүзгү бөлүмдө 252, сырткы бөлүмдө 640). Убакыттын өтүшү менен 1998-жылдан бери институт өзү бир топ структуралык өзгөрүүлөрлөрдөн өттү.Мисалы:ОшМУнун алдындагы ККФ, 2000-жылда БатМУнун карамагына өтүп филиал  БатМУ КГПИ болуп өзгөрдү, андан кийин БатМУ КГТИ, БатМУ СПИ, азыр БатМУ КПИ болуп калды. Институттагы структуралык өзгөрүлөр менен факультеттер да кошуп же ажырап  жаны факультеттик түзүмдөр уюштурулуп жүрдү.

Азыркы педагогика факультети мурдагы «Табият-таануу», «Педагогика жана дене  тарбия»  факультеттердин негизинде түзүлгөн.  Факультеттерди  доцент,  п.и.к.  С.Ж.Жапаров,  доцент,  ф-м.и.д., профессор  А.Ы.Курбаналиев,  п.и.к.,  доцент  З.Н.Максутов,  б.и.к.,  доцент Омурзакова башкарып, факультеттин калыптанышына жана өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн салымын кошушкан.

2015-16-окуу жылдын 1-октябрынан баштап институттагы структуралык өзгөртүүлөрдүн негизинде педагогика факультети бакалавр академиялык даражасында билим алып жаткан студенттердин контиингентинин көбөйгөндүгүнө (факультет тейлеген күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүндөгү билим берүү багыттарыны боюнча студенттердин курсунун жогорулашы менен) факультетте 4 кафедра түзүлгөн. Атап кетсек кафедра башчылары болуп жогоруда аталган ага окутуучулар дайындалган:

2016-17-окуу жылдын 1-сентябрынан баштап институттагы структуралык өзгөртүүлөрдүн негизинде пефагогика факультетиндеги 4 кафедра 2 кафедрага кыскарылып өзгөрүү жүргүзүлгөн. Педагогика факультетинин деканы  болуп (2016-жылдан бери жана 2018-жылы конкурстук шайлоодон шайланган) физика-математика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. А.Ж.Кошуев иштеп келе жатат.

2016-жылдын 1-сентябрынан  баштап педагогика факультетинде 2 кафедра үзүрлүү иштеп жатат. Факультеттеги иш кагаздарын AVN информациялык системасынын негизинде жүргүзүлөт. Ал эми факультеттин түзүмүндөгү кафедралар боюнча айтсак: 1.Табигый-математикалык билим берүү кафедрасы, каф. башчысы ага окутуучу Абдибайитова Апиза Абдурасуловна; 2. Педагогикакалык билим берүү кафедрасы, каф. башчысынын м.а., п.и.к., доценттин м.а.а Кашматова Жамила Ашировна  эмгектенишүүдө.

Учурда өлкөбүздүн приоритеттүү милдеттеринин бири болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен алардын сапатын жогорулатуу аркылуу жалпы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында кадрдык жетишсиздикти жоюу болуп саналат.

Азыркы күндө жогорку окуу жайлардын алдында билимдүү, өз алдынча жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүчү, командада жана команда менен иштей алган, жаңы инновациялык маданиятка ээ болгон болочок педагог-бакалаврларды даярдоо маселеси турат.

Ошол максатта КР түштүк-батыш чөлкөмүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын келечек муундардын сабатсыздыгын жоюу менен билим берүү жаатындагы кадрларды даярдоо жогорку окуу жай катары Кызыл-Кыя шаарындагы педагогика институту КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциядан тиешелүү билим берүү багыттарына берилген лицензия боюнча педагогика факультетинде билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлүүдө.

Азыркы жашоонун доминанттуу тенденциясы – кесиптик ишмердүүлүктүн бардык сфераларына компьютерлердин жана маалыматтык технологиялардын терең кирүүсү эсептелгендиктен, бакалавр академиялык даражасына даярдоодо педагогика факультети билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө мында окуу процессинин жүрүшүн автоматташтыруу багытында AVN информациялык системасын кеңири чагылдырылууда

БатМУнун  Кызыл-Кыядагы  педагогика  институтунун  педагогика факультети  коңшулаш  Өзбекстан,  Тажикстан  өлкөлөрүнө  да

жогорудагы адистерди даярдоодо көмөк көрсөтөт.