Кыргыз тилим-көөнөрбөс, өчпөс дилим»
25-сентябрда БатМУнун Сулүктү педагогикалык колледжинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыргыз тилим-көөнөрбөс, өчпөс дилим» -деген темада С.Б.Асанова жана Н.К.Джумабаевалар конкурс уюштурду. Залга студенттер тарабынан даярдалган рефераттар, дубал газеталар илинип, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө коюлду. Тил жөнүндө акындардын ырларынан жана автордук чыгармалардан көркөм окуулар, обондуу ырлар, «Манас» айтуу, макал, жаңылмач айтылып, кыргыз бийи бийленип, кыргыз тилин даңазалаган көрүнүштөр аткарылды. Конкустун аягында жеңүүчү тайпалар мактоо баракчалары менен сыйланышты.
__________________________________________________________________________________________